Домой Маданият Дайыр Исмадияров: «Эгерде 3 жыл той болбой калса жасалма ырчылар жоголот»

Дайыр Исмадияров: «Эгерде 3 жыл той болбой калса жасалма ырчылар жоголот»

1359

Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров «кыргызда тойлор болбой калса эмне болмок?»-деген суроого жооп издеп көрдү.

“1 айдан кийин – азык түлүктүн, жер-жемиштердин баасы арзандайт. Негизги сатып алуучулар жок болгондуктан – базар азык-түлүккө толот.

2 айдан кийин – ресторан,тойканалар жабыла баштайт.

3 айдан кийин – автоуналардын баасы түшөт, эми эч кимге кереги жок болгондуктан базар Гелендваген менен Рендж Роверлерге толмок.

Жарым жылдан – акыры аялдар өздөрүнө керектүү жана жагымдуу иштер менен алектене баштайт.

1 жылдан кийин – кыргызстандыктар кокусунан чогулткан акчаларын коротууну ойлонуп баштайт, саякатка чыккандардын саны көбөйөт.

1,5 жылдан кийин – товарлардын сапаты жогорулай баштайт – элдер талап кыла баштайт. Себеби, эми алар кимдир бирөөнүн тоюна эмес, өздөрү үчүн сатып алышат да.

2 жылдан кийин – экономикабызда байкалаарлык өсүштөр болот. Үйлөнүү той индустриясы менен алектенген бизнесмендер экономикабызга жана калкка пайдалуу башка бизнес ачышат.

3 жылдан кийин – акыркы жасалма ырчы жоголот.

5 жылдан кийин – ишкер аялдардын саны өсөт.

10 жылдан кийин – көптөн бери элге көрүнүү үчүн эч ким никеге турган эмес себептүү ажырашкан үй-бүлөөлөрдүн саны азаят.

50 жылдан кийин – ата-энелер балдарына таң калычтуу окуяларды айтып бере баштайт: илгери биз чоң тойлорду өткөрүп, ага тааныбаган эле кишилерди чакырчубуз. Анын айынан мүлкүбүздү барымтага коюп жок дегенде 20 жылга чейин кредит төлөчүбүз.