Домой Дүйнөдө Дагы 100дөй афган аскери Тажикстанга качып кирди

Дагы 100дөй афган аскери Тажикстанга качып кирди

16

4-июль күнү 94 афган армиясынын аскери Тажикстандын аймагына кире качкан. Бул тууралуу тажик басылмалары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына таянып жазды.

Белгилүү болгондой, бул жолу “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Бадахшан аймагындагы Хохон деген жерди өкмөттүн көзөмөлүнөн тартып алган. Ал жердеги аскерлер кошуна Тажикстандын аймагына кирип келген.

Эске салсак, буга чейин да Бадахшан аркылуу 300дөй афган аскери Тажикстанга качып кирүүгө аргасыз болгон.