Домой Коом Cөз эркиндиги Amnesty International уюмун каржылап жаткан АКШда да жок

Cөз эркиндиги Amnesty International уюмун каржылап жаткан АКШда да жок

49

АКШнын арыгын чаап, дүйнөдөгү мамлекеттерге тең карабай келген Amnesty International деген уюму бар. Өздөрү сөз эркиндигин, адам укуктарын коргогону менен кээде эркиндиктерге каршы келген аракеттерди жасап коюп жүрөт. cialis patentti.

Капитолий, США

Дал ушул Amnesty International уюму Кыргызстанда сөз эркиндигине жамынып көчөгө чыгып, башкалардын укугун бузгандарды коргоп атайын билдирүү таратыптыр. Алардын кебине ынансак, мыйзам бузгандарды токтоосуз бошотушубуз керек экен. Кыргызстан көзкарандысыз, суверендүү мамлекет экенин эске алганда бул уюм бизди түздөн-түз эл аралык нормаларды бузуу менен басмырлап жатат. Кыргызстандын соттору мыйзамсыз жол тосуп, сөз эркиндигине жамынып айкыргандарды 5 күнгө камаган. Демек, алардын тагдырын эл аралык уюм эмес, биздин соттор гана чечет. Чамасы Батыштын арыгын чапкан уюмдар биздин Конституциянын өзгөргөнүн унутуп койгондой. Алар адатына салып, кыргызды басмырлап көнгөн оюнун токтоткусу келбей турат окшойт.Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги ошол Amnesty International уюмун каржылап жаткан АКШда да жок. Эгер 18-мартта Вашингтондо же Нью-Йоркто ушундай жөө жүрүш болуп, көчөдө өтүп бараткан унааларга тоскоолдук жаратып, башкалардын укугун бузганда 5 күнгө эмес, керек болсо 5 жылга камалмак. Андыктан булардын бир тараптуу Кыргызстанды айыптаганы суу кечпеген көрүнүш. Биздин ички ишибизге эч кимдин кийлигишкенге акысы жок.