Домой Дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алып президент менен жолуккан мэрге кылмыш иши козголду

COVID-19 жуктуруп алып президент менен жолуккан мэрге кылмыш иши козголду

226

Маалыматка караганда, ал Испаниянын Мадрид шаарындагы аэропорт аркылуу Мароккого барып келген. Бирок президенттин мэрлер менен жолугушуусунун алдында ал сапарын, атургай дене табы көтөрүлүп жатканын жашырып койгон.

“Мэр бир нече күн мурда анализ тапшырып, жыйынтыгы коронавирус жуктуруп алганын көрсөттү”, — деп айтылат макалада.

Мунун кесепетинен жума күнү президент Дуке дагы тест тапшырууга мажбур болду. Эми ошол жыйынга катышкан бардык аткаминерлер жана кызматкерлер анализ тапшыруусу зарыл.

Акыркы маалыматтарга токтолсок? дүйнө жүзү боюнча учурда коронавирусту 275 миңден ашуун адам жуктурду. Каза болгондордун саны — 11 397, сакайгандардыкы — 88 250.

Булак: Спутник