Домой Коом COVID-19 жана пневмония илдети бир суткада 46 адамдын өмүрүн алды

COVID-19 жана пневмония илдети бир суткада 46 адамдын өмүрүн алды

31

Бүгүн, 23-июлга карата өлкө боюнча COVID-19 жана пневмониядан каза болгондордун саны дагы 46га өстү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабарлады. Алардын жетөө коронавирус инфекциясынан, калганы пневмониядан көз жумду. Бишкек шаарында — 13; Ош шаарында — 3; Чүй облусунда — 6; Ысык-Көл облусунда — 5; Ош облусунда — 5; Баткен облусунда — 2; Жалал-Абад облусунда — 6; Талас облусунда — 2; Нарын облусунда — 4. Өлкө боюнча март айынан бери каза болгондор — 1 миң 169.