Домой Коом COVID-19: он алты кишинин абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө

COVID-19: он алты кишинин абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө

18

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 16 кишинин абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 416 киши жатат. Көбүнүн абалы канааттандырарлык.

Эске сала кетсек, өлкөдө бир суткада 48 киши коронавирус жуктуруп алды.