Домой Коом COVID-19: Кыргызстанда акыркы 5 күндө адам өлүмү катталган жок

COVID-19: Кыргызстанда акыркы 5 күндө адам өлүмү катталган жок

81
Coronavirus Disease 2019 Graphic. (U.S. Air Force Graphic by Rosario "Charo" Gutierrez)

Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында коронавирус жана пневмониянын кесепетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бүгүнкүгө чейин өлкөдө коронавирус аныкталгандан кийин 1063 адам көз жумган (башка оорунун кесепетинен көз жумган адамдардын саны кошулган эмес).

Жалпысынан 44 миң 928 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталса, анын ичинен 41 миң 23 киши айыкты.

Адам өмүрүн алган соңку учур 9-сентябрда катталган.