Домой Коом COVID-19: Бишкекте бир бейтапкана убактылуу жабылды

COVID-19: Бишкекте бир бейтапкана убактылуу жабылды

54

Мекеменин маалыматына караганда, бул медицина жайынын төрт кызматкеринен коронавирус табылгандыктан ушундай чечим кабыл алынды.

Мааламытта “Бейтапкананын башкы имараты жабылды, филиалы ишин уланта берет” деп айтылат.

Жалпысынан 17-апрелге карата республика боюнча COVID-19 диагнозу 116 медицина кызматкерине коюлду.

17-апрелге карата бул илдет жалпысынан 489 кыргызстандыкка жукту.

Булак: Азаттык