Домой Саясат Cооронбай Жээнбековдун алгачкы сапарынан кийин чек ара маселеси чечилди

Cооронбай Жээнбековдун алгачкы сапарынан кийин чек ара маселеси чечилди

39

          1512430989_54165700

30-ноябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков Белорусиянын Минск шаарына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясына катышуу үчүн келген сапарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен дагы жолугушуп, кыргыз-казак кызматташтыгы, анын ичинде чек арадагы кырдаал тууралуу талкуулашкан.

Ошол жолугушуудан кийин кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал кадимкидей оңолуу жолуна түшкөнү байкалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында бүгүн 4-декабрга карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 50гө жакын оор жүк ташуучу унаалар турат. Ал эми калган чек ара көзөмөл-өткөрүү пунктарында эч кандай тыгын жок.

«Башка чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларында оор жүк ташуучу унаалар эркин өтүп жатышат. 3-декабрдан тарта чек аралар кадимки тартипте иштеп баштады», — дейт Абдыкариева.

Демек, президент Сооронбай Жээнбековдун чет мамлекеттерге жасаган алгачкы сапары өтө жемиштүү болду десек туура болот. Алгачкы сапарынын жемиши анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө жана Кыргызстандын келечегине жакшы төлгө болуп берди.

where to buy fluoxetine.