buying anipryl without a prescription.
Кызматка киришкенине 100 күндөн эми эле ашкан президент Сооронбай Жээнбеков 6-февралда Кыргызстандагы алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Өлкө башчысы журналисттердин түрдүү суроолоруна ачык жооп берип жатып Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына токтолду.
Ал сөз эркиндиги өнүгүүнүн мотору экенин билдирип, аны колдой турганын, бирок ар бир жарандын тагдырына жоопкерчилик менен мамиле жасалышы керектигин, өзү басма сөз жана коомчулук менен кызматташууга даярдыгын, ар дайым ачыктыгын айтты. “Биз маалымат каражаттарында чыккан ар бир кабарга жооп беребиз. ММК — бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө. Саясый маданиятты калыптандырууда журналисттердин таасири чоң. Биз өлкөнүн өнүгүшүнө чогуу салым кошобуз”, — деди президент.
Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго байланышкан сот иши боюнча да айтып, Карабеков чоң ката кетирип койгонун белгиледи. “Мен Кабай Карабековду жакшы билем. Ал журналист эле эмес, саясатчы дагы. Мындай ката кетирбеши керек эле. Мени ал бир нече жолу «экстремист» деп атады. Сотто экстремист эмес экенимди далилдедим. Журналистиканын эталону алдабашы керек”, — деди өлкө башчысы.
Президент өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, министрлер кабинети кемчиликтерди кетире турган болсо ачык айта турганын жашырган жок. “Мен 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяладым. Аймактарды өнүктүрүүгө өкмөттүн чоң колдоосу керек. Биз жергиликтүү органдардын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын күчтөнтүшүбүз зарыл. Кайсы бир мекеменин жетекчиси жакшы иштей албай жатса аким аны жакшы билет. Мындай жетекчини кызматтан ала албай, аны да жогорку жак менен кеңешкени туура эмес. Жергиликтүү аткаминерлердин укуктары чоң болушу керек”, — деди ал.
Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кемчиликтери болсо премьер-министрге ачык айтып турарын билдирди. “Өкмөттүн кемчиликтерин көрсөм аны премьер-министрге ачык айтып турам. Бул менин жардамым эле эмес, бул менин милдетим”, — деди ал. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн ишине кийлигишпей турганын кошумчалады.