«Жылаңач баатыр»: Көл жээгинде…» долбоорунун катышуучусу, көпчүлүккө «Чыпалак баатыр» каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов жакында эле чыгармачылыкка аттанганын жарыялаган. Бүгүн ал шоу чөйрөдөн биротоло кетип жатканын жар салды. Зарылбек Аликенов мындан ары же дыйканчылык менен алектенерин же чет өлкөгө кетерин айтат.
«Кыска убакыт аралыгында кыргыз элим менен болдум, болгон өнөрүмдү тартуулап, толук ачыла албасам дагы «Чыпалак баатыр» каймана атым менен из калтырдым деп ойлойм.
Кечээ Инстаграмдан көпчүлүк колдонуучу менин шоу чөйрөдөн кетишимди айтышты. Жалпы элдин сунушу менен шоу чөйрөдөн кетүүнү чечтим. Буга чейин көп эле мактоолор болгон, колдойбуз деген пикирлерин жазышкан. Бирок алар колдобой эле көрө албастык кылышыптыр, буттан тартып турушат экен.
Сыйлуу сыйлык беребиз дегендер дагы болду. Анысына акча сурашты. Эгер сыйлык үчүн акча сурабаса, мен жыл сайын «Жыл адамы» же «Жылдын эң мыктысы» деген наамдарды четинен алмакмын.
Ушундай көрүнүштөрдөн кийин менин Кыргыз өлкөсүндө эч кимге керегим жок экенин сездим. Мындан ары эл алдына чыкпай дыйканчылык кылам же чет өлкөгө кетем», — дейт ал.
Зарылбек Аликенов саясатка дагы аралашпай турганын кошумчалады.
Буга чейин Зарылбек Аликенов менеджери менен биргеликте «Бул жашоо, өмүр бир келет» аталышындагы чыгарманы аткарып чыккан.
Булак: Супер