Домой Саясат Чыныбайдын үстүнөн кара булут айланууда

Чыныбайдын үстүнөн кара булут айланууда

74

Өткөн саныбызда “шайлоо жакындаган сайын бир катар саясий элиталардын, артында калбыры барлар менен эгерим этегинен жакшы сөз ээрчибегендердин үстүнө жугунду куймай башталат”-деп жазган элек. Ат тезеги кургабай, айткандарыбыз айткандай чыгып, кай бир чиновниктердин башына кара булут айланып баштады. Тагыраагы, былыктар ачыкталууда. Жарандык активист Мелис Аспековдун Турсунбековдун үстүнөн жазган арызынын негизинде укук коргоо органдары, башкысы башкы прокуратура ир кездери кандайдыр бир жолдор менен токтотулган ишти жандандырыптыр. Ал иш Бишкектеги “Ликер” заводун менчиктештирүүдө жасалма жол менен баасы төмөндөтүлгөн иш эле.Эске сала кетсек 2012-жылы арак чыгаруучу завод банкрот деп табылып сатылган. Сатып алуучулардын бири дал ушул Чыныбай Турсунбеков эле. Депутат ошол эле жылы ит бекер баага алынган заводду оңбогондой чоң суммага сатып, пайдага маарып эле жатып калганы тар чөйрөдө кеп болууда. Сыягы, мунун арты Турсунбековду ордунан “тургузбачудай»

Булак: Факты.кж