Домой Коом Чыныбай Турсунбеков: «Таза тандоо өнөктүгү өлкөдөгү туруктуулуктун негизи»

Чыныбай Турсунбеков: «Таза тандоо өнөктүгү өлкөдөгү туруктуулуктун негизи»

33

online pharmacy claravis. IMG_1381

31-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

 

Өлкөдөгү туруктуулукту орнотууда парламенттин ролу жогору экенин баса белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков: «Чөлкөмдө алгачкылардан болуп парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстанда Жогорку Кеңеш эл менен бийликтин ортосундагы тыгыз байланышты камсыздайт. Мыйзамдардын үстөмдүгү менен мамлекеттеги бийлик бутактарынын тең салмакта иш алып барышын да көзөмөлдөйт. Айрыкча өлкөдөгү демократиялык жетишкендиктердин башкы көрсөткүчү болгон шайлоо өнөктүктөрүнүн таза жана ачык-айкын өтүшүндө да Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги арбын», — деди. Ошондой эле, көптөгөн кеңешүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынган чечим биримдиктин ичиндеги ачык, бейтарап диалогдун кеңейишине гана салым кошпостон, өлкөдөгү саясий уюмдардын бекемделишине да шарт түзөрүнө ишенерин айткан Чыныбай Турсунбеков: «Жогорку Кеңеш Төрагасы катары өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн парламенттик-демократиялык багыттагы өз ишмердүүлүгүмдү уланта берем», — деди.

 

Андан тышкары, саясий күчтөрдүн консолидациясы зарыл экендигин айткан парламент Төрагасы: «Талапкерлердин арасында татыктуу инсандар арбын. Мамлекетти жакшы башкарып кете турган талапкерди эл өзү тандап алат деген ишеничтемин», — деп билдирди.

IMG_1238

Таза тандоо өнөктүгү өлкөдөгү туруктуулуктун негизи экенине токтолгон Чыныбай Турсунбеков: «Быйылкы президенттик шайлоону таза өткөрүлүшү жана бардык талапкерге бирдей шарт түзүп берүү үчүн болгон аракетимди жумшайм», — деди.

 

 

КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы