Башкы тегирменчи Чыныбай Турсунбеков да жөн жатпай, бийликке каршы күчтөр менен сүйлөшүп, парламенттик шайлоого утурлай камылгасын жүргүзүүдө. Азырынча толук кандуу чечимге келе албай, “Ата Мекенге” азгырылып, ортодон өз алдынча партия менен чыгууну да ойлоп, о.э. дагы башка саясый топтор менен кеңешип-таңашып жүргөн чагы. “Ойчул ойлонгуча, тобокелчил тоо ашыптыр” демекчи, “чык татырбас” Чыныбай мырза ары-бери толгонгуча көп нерседен кеч калбайбы? Капчыгы калың үчүн баарын айландырып, “соодасы” кызуу жүрүп жатат да. “Бийик асканын чөбүн эңсеген эчки ара жолдо өлүптүр” дегендей, өтө эле амалданып, амбициясы ашына берсе, акыры аңга түшүп калбайбы?..
Булак: «Азия Ньюс»