Капчыктууларды аңдыгандар ар кандай амалдарды колдонууга чейин барышарын далай көргөн, уккан жайыбыз бар. Негизи “шантаж” дегенди колдонууга азгырылгандар толуп кетти. Кол жоорутпай, бел оорутпай акча шылып алып жүргөндөр “жаңы технологияларды” өздөштүрүүгө ынтаасын коюп жатышканы жөн жерден эмес. Бир жагынан шайлоо келатпайбы, акчалуу байлар азыр ошонун тегерегинде ой жүгүртүү менен алек.
Өткөндө ушундай окуянын каарманы болуп калган кадимки Чыныбай Турсунбековдун маалыматына күбө болдук. Көрсө Мелис Аспеков деген жаран анын кабыл алуусуна чейин жетип, тилеги ишке ашпай калгандыктан чуу чыгарууга аракет кылыптыр. Бул тикелешүүгө баягыл эле акча сурамай себеп болуптур. Чык татырбай койгон Чыныбайга өчөшүп калган бул эргул анан прокуратурага чейин заңылдатып жибергенин коомчулук билди. Ошол “өрттү” өчүрүү максатында Акунович да тим турбай өз аргументтерин чуурутту. Мунусу абдан туура болду. Көрүнгөн эле кишиге сураган акчасын бере бергендей Турсунбеков элеңдеген коен эмес да, ботом. Андай текшерүүлөр, опуза жасоолор далай ирет анын башынан өткөн. Ошондуктан салыкты чыпчыргасын коротпой казынага төлөп жаткан кишиде неге коркок билиштик болмок эле? Айтор, шайтан оюндарга маш болгондордун мындай сабагына абайлап мамиле жасабагандар оңой эле капканга түшүп калышарын да эскерте кетели.
Булак: “Ачык сөз”