Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ата Мекен” партиясынын үй камагына чыккан лидери Өмүрбек Текебаевдин эл менен жолугуп, айткан сөзүнө теригип жооп кайтарды. Ал абактан чыккан саясатчынын абалын түшүнүү менен кабыл аларын, Текебаев камакка алынган соң анын таламын талашам деп партиядагы партбосстор мамилеси бузулганын, Чиркешович тууралуу позициясы командамдасына белгилүү болгондугун, ал кезде Текебаевдин өзүнүн командасынын айрым мүчөлөрү качып калганын, Текебаев үчүн партиялаштары менен жаман-жакшы көрүнүп калганын, ошол кезде Чыныбай Чиркешович деген каймана атка конгонун айтыптыр. Жогорудагы Чыныбай Чиркешовичтин келтирген аргументтерин ошол кезде Текебаев анча аңдабай калганбы же бул актануубу? Төмөндө Текебаевдин айткан сөзүн келтиребиз.
Булак: «Факты.kg»