«Чындык.кж» сайтынын башкы редактору Турсунбек Бейшенбековду Аскер прокуратурасы 48 саатка камады. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупова «24.кж» агенттигине билдирген.
Маалыматка караганда, Бейшенбеков бүгүн Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакырылган. Ал 16-январь күнү да сурак берген болчу.
Журналистке карата кандай айып тагылганы азырынча белгисиз.
Булак: Сокол