Домой Коом Чыладан чыгарбаган «чыгармачылык» (Терс кайрык)

Чыладан чыгарбаган «чыгармачылык» (Терс кайрык)

149

Башкалар шоопуру жок автобус чыгарып атыптыр, биз эмне чыгардык?» деген суроо бар экен соцтармакта.

Ха! Чыгаргандарыбыз толтура! Санап берейинби?
Саясаттан эле баштайынчы. Чү дегенде эле ОБОН деген саясий технология чыгардык. Андай ыкма дүйнөдө жок. Мен деген саясий технологдор ичи күйүп карап турушат. Андай нерсени ушу күнгө чейин эч кимиси ойлоп таба албай койду.

Во Шоопуру жок автобусту айтасың, биз шоопур башкарган системаны чыгардык. Эми досу башкарганды чыгарып атабыз. Аялы, баласы, күйөө баласы, иниси, кудасы — эчак өткөн этап, биз үчүн. Бардык жагынан алдыдабыз иши кылып. Оңой ойлобо!

Эки килейген качкын президент, толтура качкын чондорду чыгардык. Алды атып качты, арты сатып качты. Ырас, айрымдарынын мүлкүн аукционго чыгардык. Калганын алакан жайып жокко чыгардык.

Экономика элеби? Биз деген берешен элбиз. Өзүбүз жебесек койдук, башкага бергибиз эле келип турат. «Атасынын көрү, жебеген жердин астында» деп 700 миллион долларды мамлекетке батыра албай тышка чыгардык. Аны ойлоп тапкан чыгармачыл генийлерди бир кармап түшкө чейин видеого чыгардык, түштөн кийин үй камагына чыгардык. Ошентип маски-шоунун эл көрө элек жаңы түрүн чыгардык.
Жаңысын сала албагандан кийин эскисинин эмне кереги бар, туурабы? Биротоло жоготолу да. Ошон үчүн Союз салып берген имараттар менен жолдордун ишпалдасын чыгардык.

Дүйнөлөшүү элеби? Ме сага. 30 жыл ичинде жүз миндеген эмгек мигранттарын ойлонбой туруп тышка чыгардык. Анын ичинде этегине жашынып кыз-келиндерибизди биринчи чыгардык. Андан кийин колунан иш келген, тыңыраактарынын баарын чет мамлекетке «атидо, даканса» чыгардык. Ошентип атып үй-бүлөнү үч бөлүп, бирден таратып таш талканын чыгардык.

Ыйман элеби? Сирияга кой десе болбой жанталашып барып арабга төшөк катын болгон толтура диний фанаттарды биз чыгардык. Калгандарына теңелбейин деп отуруп төбөбүзгө чыгардык.

Маданият элеби? Ит да окубаган, ичи толо калп китептерди ылгабай чыгардык. Анысы аз келгенсип ошондой халтурщиктердин баарын мактай берип атагын чыгардык.
Убагында Атай, Мусалар шедевр чыгарса, биз тээтиякта эле оокат кылып жүргөн албарстынын өзүн баскан хиттерди чыгардык. «Азирети аалымдарыбыз туура айткан экен, акыр заман чындап келиптир, адам мени басат деген эмне шумдук группа Ялла» деп эле депрессияга түшүп ичип жүрөт дейт. Аны таштаса Түптүн коробкасынан дүңк эттире бастыра коюп… Көнгөн адат боюнча ашата сөгүнүп ийип, кайра жакасын кармап сүрөө жаттап «раздвоение личности» болуп байкуш… Катуу деградация болуп атат дешти. Кыскасы бир эле хит менен албарсты аттуунун бачагын чыгардык. Бачагын таппай калгандары «кой, эмнеси болсо да бачагым менен жашайын» деп токтоло элек жаш балдардын ичине кирип кетиптир дейт. Эки сөзүнүн бири арабча, экинчиси «энеңди» болуп жинди улак көздөнүп. Көрүп жүрөсүңөрбү? Көрсөңөр ошол. Таанып алгыла. Албарстынын жашоосунун жаңы формасы деп коет мындайды.

«Манастын тукумубуз!» деп бакырганыбыз менен Манасты сөккөн маңкурттарды чыгардык. Анын бурмаланган версиясынын толтура түрүн чыгардык.
Мыйзам элеби? Балдарды зордуктаган аңгилерди элден калбай биз да чыгардык. А эмне, башкалардан кембизби? Анан андай экзотикалык зоопаркты көбөйтүш керек да! Атып салсак адам укуктары бузулуп, бычып салса Көгүш китептеги байкуштар жок болуп кетпейби. Коой, аларга тийгенге болбойт! Ошондуктан аларды актаган сотторду жылдар бою даярдап чыгардык. Ошентип кыргыздын жаманаттысын бүт дүйнөгө чыгардык.
Дүйнө кеп бекен. Бишкекте дүйнөлүк рекорд койгон түтүн чыгардык. Аз болуп калбай кошулуп түтөсүн деп казылып бүтпөгөн таштанды чыгардык.

Кылмыш элеби? Ууру-кескинин анабашын кызыл килем менен боштондукка чыгардык. Атып салчулардан апаптап сактап, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, төшүбүз менен коргоп, машине менен коштоп. Эмгиче салам айтып турат бечара жигит, ыраазычылыгын айтып түгөтө албай… Ордуна баргандарга жылуураак камера тилеп…

Коррупциянын эч кимде жок схемаларын чыгардык. Алдар Көсө алдатып, Остап Бендер оюнчук болуп калды. Андай майда-барат балапанчиктерди «бар, пиво алып келе койчу» деп жумшап ийип оюндан чыгардык.

Деңгээли ушунчалык, башка мамлекеттерде президенттердин «кошелёгу» болсо бизде БИР эле «Кошелёктун» БИР НЕЧЕ менчик президенти бар. Анан эмне, оңой көрдүңөр беле? 🙂 Жакса шайлатат, жакпаса түшүрөт. Түшкөндөрү да сүйлөп ийсе түрмөдө, сүйлөбөсө тизмеде… Баса, чөнтөгүндөгү президенттери экөө эмес үчөө болду окшойт ээ? Же боло элекпи? Иши кылып ошондой даражага чыгардык. «Ооба, чыгардык, и чо! Мине кылып аласың ээу бузуку? Ишиң болбосун деп атам, ичиң күйсө туз жала, уктуңбу! За братана туруп беребиз, даканса. Айрып салам, жөн жүр ровно дышать этип есчо», деген эл аралык жаңы терминологияны чыгардык.

Билим элеби? Билим берүүдө жыл сайын жасалма диплом чыгардык. Кайсы окууну бүткөнүн айтып берсе беш коюш керек.
Билим демекчи, абитуриент боло албаган директорлорду чыгардык. Мындай практика дүйнөдө жок. Анын айынан эки жаат болуп бөлүнүп, эркек-аялыбыз баш болуп ушак-айыңдан күчүбүздү чыгардык. Толкунданып кеттик да. Толкундансак катуу толкунданабыз токтой албай… «Ойкуйт да кайкыйт ак чардак» деп ар кандай формасына салып көпкө чейин бүтпөй…

Заманбап болуш элеби? Музейге чечинип киргенден тартып бассейнге кийимчен түшкөнгө чейин моданын бардык түрүн чыгардык. Ар кимдин эле колунан келе бербейт, элдин көзүнчө эфирден сөгүнүп туруп Чымкоргонго түшпөй хит болуш. Бет керек. Табактай. Кенен дегеним да. Тойдо уча тартканга жарагыдай болушу керек башкысы. Калганы табылат, кайда калбаган кечирим, врачтар деле сурабадыбы…

Сый элеби? Ошо да кеп бекен! Сый бизден калган! Атактуу адамдарды сыйлайм деп чакырып алып, анда айткан сөздөрүн бүт элге жайып видеого чыгардык. Жер-жеберине жетип, ичкенин ирим, жегенин желим кылып, бир чөөгүн чайынын артыгын чыгардык.

А силер «Эмне чыгардык?» дейсиңер. Омээй, оңой бекен, ушунун баары? Бул деген дүйнөдө жок чыгармачылык, керек болсо!.. Башкалар муну канчалык ойлонуп, толгонуп отуруп да таба албайт!
Болгону ушул чыгармачылык өзүбүзгө пайдалуу жакка иштебей атат эмнегедир. Чыгарган сайын эле чылага оонап баратабыз.
Жакында көзү өткөн акын Рамис Рыскуловдун бир жакшы кеби бар. «Халтурщиктердин ыр жазбай койгону эле — чыгармачылыкка кошкон зор салымы» деди эле. Ушу туптуура болуп атат эй.
Энергиябыз ошончо ашып-ташып атса, кантип пайдалуу жакка жумшайбыз деп да ойлонуп көрбөйлүбү?.. Эртең деле жашоо керек го акыры?