Домой Саясат Чыккынчы жакшыбы же коррупционерби?

Чыккынчы жакшыбы же коррупционерби?

47

акча, сом

Кыргызстан мамлекеттик медициналык Академиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, жүрөгү сокпой каза болгон эле. 26-февралда маркумдун уулу Адыл Гапаров АКИпресс агенттигинде комментарий берип «агасынын курман болушу саясий заказ экендигин» билдирди. Биз ал кандай болгонун айта албайбыз, бирок, кийинки убакта эл мүлкүнөн жеп жибергендер, пара алгандар кармалса эле «саясий заказ» катары бааланып актанууга өтүп жатканы өзүнчө эле «модага» айланды. Биз ойлоп калабыз: элдин мүлкүнө кол салбаса, пара дегенден жаа бою качса, анда «саясий заказ» деген маани да күчүн жоготмок… Аталган окуу жайда чуулгандуу окуялар такыр эле токтобой койду. Жетекчилик «көздү жуумп салып» анын ректору Зурдиновду кызматтан айдаса эле баары орду-ордуна келе тургандай…