Чыгыш календары боюнча быйыл Чычкан жылы. Муну менен келаткан жылы 12 жылдык жаңы айлампа башталмакчы. Андыктан дээрлик бардык адамдар үчүн Чычкан жылы жакшы жылдардан болот.
Чычкан жылы (1960, 1972, 1984, 1996…)
2020-жылы Чычкандарды күтүлбөгөн өзгөрүүлөр жана жаңылануулар күтөт. Ар бир кадамыңыз сайын сизди бакытка, карьералык өсүшкө, байлыкка жетелеген көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Айрыкча сүйүү, мамиле куруу жаатында бул жылы Чычкандарды ийгилик коштойт.
Сүйүүдө. 2020-жыл сүйүшкөн Чычкандар үчүн жомоктогудай жыл болмокчу. Бул жылы никеге тургандардын никеси бекем жана бактылуу болот. Ал эми экинчи жарымын таба албай жүргөн Чычкандар туруктуу сүйүүгө жолугушат.
Жумуш жана карьерада. Бардык Чычкандарды жумушунда бул жылы ийгилик коштойт. Аракетчил, чечкиндүүлөрдү болуп көрбөгөндөй жетишкендик, даңк жана байлык күтөт. Кыскасы, тагдыр сизге бардык мүмкүнчүлүктөрдү алдыңызга таштап берет. Сиз, болгону, аны пайдаланууга жетишип калышыңыз керек.
Акча жаатында. Бул жаатта да Чычкандарды ийгилик коштойт. Жумушунан жакшы акча таап же күтүлбөгөн киреше булагын табышат. Андыктан дал ушул жылы каржылык абалыңызды бекемдеп, аны андан ары улантып кетүүгө өзүңүзгө шарт түзүп алыңыз. Анткени кайрадан мындай мүмкүнчүлүк жакын арада түзүлбөйт.
Уй жылы (1961, 1973, 1985, 1997…)
Бул жылы Чычкан өзүнүн энергиясынан шашпаган Уйга да жуктурат. Анын эсебинен Уйдун максаттарынын ишке ашышы эки эсе тездейт. Жашоосунда жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, Уйдун буга чейинки зеригиштүү жашоосу жанданат.
Сүйүү жана мамиледе. Жалгыз бой Уйларга чыгыш гороскобу алыстан түгөйүн табууну убадалайт. Бирок аны кайра колдон чыгарып жибербөө үчүн оройлукту азайтып, бир аз назик болуу сунушталат. Үй-бүлөлүү Уйларга да экинчи жарымына жакшыраак көңүл буруу керек болот.
Жумуш жана карьерада. Оор басырыктуу, жай кыймылдаган Уй бул жылы өзүнүн ийгиликтери менен айланасындагыларды таң калтырат. Анткени карьералык өсүштө, бизнесин өркүндөтүүдө бул жылы фортуна дал ушул Уйга жылмаят.
Акча жаатында. 2020-жылы Уйлар тапкан акчасы менен келечегинин пайдубалын түзө алышат. Бир нече жерде иштеп акчасын көбөйтүүнүн гана аракетинде болушат. Ошого жараша тапканы берекелүү болуп, атүгүл нөлдөн баштаган бизнеси деле өнүгүп кетет.
Жолборс жылы (1962,1974, 1986, 1998…)
2020-жыл Жолборстор үчүн эки эсе ийгиликтүү жыл болмокчу. Айрыкча жаңы баштаган иштери тездик менен алдыга жылат.
Сүйүү жана мамиледе. Жалгыз бой Жолборстор экинчи жарымын жөн гана жолуктурбастан, баш айланткан сүйүүгө, бакытка туш болот. Мындай сүйүүгө ал алыс жакта – эс алууда, иш сапары менен чет жакка чыкканда жолугат деген божомол бар.
Жумуш жана карьерада. Активдүүлүк, зээндүүлүк, тубаса сезгичтик сапаттарынын арты менен Жолборстордун дал ушул жылы негизги кыялдарынын бири иш жүзүнө ашат. Ал – жумушунан өзү каалаган кызмат ордуна көтөрүлүү жана өз бизнесин түптөө, талантын көрсөтүү жана атак-даңкка ээ болуу.
Акча жаатында. Ийгиликтүү долбоордон көп каражат табат. Чычкан жылынын бул жылы Жолборско камдап койгон сюрприздеринин бири – күтүлбөгөн байлык. Алардын көпчүлүгүнө акча жаңы ачылган киреше булагынан түшсө, айрымдары лотерея сыяктуу күтүлбөгөн жерден байлыкка ээ болушат.
Коён жылы (1963, 1975, 1987, 1999…)
2020-жылы Коёндордун буга чейинки ойлонуп жүргөн ойлору иш жүзүнө ашат. Көптөгөн жагымдуу жана күтүлбөгөн белектерге ээ болот.
Сүйүү жана мамиледе. Өз түгөйүн издөөдө жүргөн Коёндорго жүрөгүн гана угуу сунуш кылынат. Эс алуу учурунда тапкан адамы менен олуттуу мамиле курса, келечекте ошол анын бактысы болмокчу. Коёндор дос күтүү жагынан өзгөчө талантка ээ. Бул жылы дал ушул досторунун арты менен татыктуу түгөйүн таба алат.
Жумуш жана карьерада. Бул жылы Коёндордун ишкер чөйрөсү бүт өзгөрөт. Аны бир максаттагы адамдар курчайт. Досторунун колдоосу менен карьералык тепкичке көтөрүлүп, кирешелүү долбоорлор менен иштейт.
Акча жаатында. Коён акчаны сүйөт, акча да Коёнду кыя өтпөй материалдык абалынын өсүүсү байкалат. Жаңы ишти коркпой эле баштай берсе болот, жыйынтыгы ийгиликтүү болот. Бул жылы чогулткан акчасын ишенимдүү жерге сактап же кыймылсыз мүлк алып коюу сунушталат.
Ажыдаар жылы (1964, 1976, 1988, 2000)
2020-жыл Ажыдаарлар үчүн тынымсыз иштөөнүн, убаракерчиликтин жылы болмокчу. Ошого жараша жыйынтыгы өздөрү күткөндөн да жакшы болот. Дал ушул жылы Ажыдаарларга жашоосун жакшы жагына өзгөртүп алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Сүйүү жана мамиледе. Ажыдаарлардын жеке жашоосу келаткан жылы биринчи орунга чыгат. Кадам сайын романтикалык окуяларга кез келип, күйөрмандарынын көңүл чордонунда болот. Андыктан бойдоктор түбөлүктүү баалуулуктар тууралуу ойлонушса, үй-бүлөлүүлөр никесин бекемдөөнүн аракет көргөндөрү оң.
Жумуш жана карьерада. Келаткан жылы Ажыдаарлар жумушуна байланыштуу кандай пландары болсо коркпой эле тобокелчиликке бара берсе болот. Кандай гана иш болбосун ийгиликтүү ишке ашат.
Акча жаатында. Акча жаатындагы тобокелчиликтердин баары оң жагына жыйынтык берет. Ажыдаарлар бул жылы канчалык көп аракет кылса, акчасы ошончо көп болот.
Жылан жылы (1965, 1977, 1989, 2001…)
2020-жылы Жыландарга эски терисин таштап, баарын жаңыдан баштаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Көп Жыландар ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланып жашоосун бардык тарабынан жакшыртып алууга жетишишет.
Сүйүү жана мамиледе. 2020-жыл Жыландарда жагымдуу эскерүү катары сакталмакчы. Анткени алар дал ушул жылы сүйүү табышат. Үй-бүлөлүү Жыландардын болсо мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлөт.
Жумуш жана карьерада. Келаткан жыл Жыландардын карьерасы үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болмокчу. Аларды кызматынан көтөрүлүү, жумушун ийгиликтүү алмаштыруу, өз бизнесин түптөө сыяктуу өзгөрүүлөр күтүп турат. Бирок жыл ортосунда жетекчи менен болгон карама-каршылык күтүлүп, жумушту таштап кетүүгө болгон каалоо пайда болот. Андай учурда ачууга алдырбаса, аягы жакшы болот.
Акча жаатында. Жыландар өздөрүнүн чыгашасын жакшы көзөмөлдөп, бул же тигил ири буюмду сатып аларда жакшылап ойлонуулары керек. Акчаны бир ишке салууда адашуу болуп калышы мүмкүн, андыктан майда-чүйдөсүнө чейин анализ жүргүзүү сунуш кылынат. Жеке бизнестин жакшы киреше алып келиши күтүлбөйт.
Жылкы жылы (1966, 1978, 1990, 2002)
2020-жыл Жылкыларга көптөгөн жагымдуу көз ирмемдерди, жакшы таасир калтырган окуяларды, көңүл ачууларды тартуулайт. Ошондой эле аларды саякаттоо күтүп турат.
Сүйүү жана мамиледе. Жеке жашоодо бири-бирин түшүнбөстүк, баш аламандык орун алат. Буга Жылкынын башканы сүйүп калганы себеп болот. Бирок жаңы сүйгөнүнөн оң жооп ала албайт.
Жумуш жана карьерада. Кытай календары Жылкыларга карьералык өсүүнү убада кылат. Бирок буга көптөгөн аракет талап кылынат. Бул жылы эс алуу дегенди унутуп коюп тынымсыз иштегени ден соолугуна терс таасирин тийгизет.
Акча жаатында. Жылкылардын көпчүлүгү каржылык абалын чыңдоо үчүн экинчи жумушта иштөөгө аргасыз болушат. Көптөн бери акча чогулта албай келсе, дал ушул жылы акча чогултуп баштайт.
Кой жылы (1967, 1979, 1991, 2003…)
2020-жыл Койлорго эң сонун жаңылык алып келет – көптөн берки максаты иш жүзүнө ашат. Жагымдуу өзгөрүүлөр жыл жаңырары менен эле болуп, 12 ай бою Койлор кубанычтын үстүндө болушат.
Сүйүү жана мамиледе. Кайсыл жерде болбосун, Койлор көңүл чордонунда болушат, аны акылынан адашканча сүйгөндөр четтен чыгат. Бирок өздөрү андайлардын эч бирин олуттуу кабыл албайт.
Жумуш жана карьерада. Кызмат ордун көтөрүүгө болгон каалоосун жумушундагы айрым ушак-айыңдар ойготот. Анын ар кандай адамдар менен тил табышып кете билген жөндөмү менен кайсы жерге барса да ийгиликтүү болот.
Акча жаатында. Негизи, Койлордон жакшы бизнесмен чыкпайт. Бирок Чычкандын колдоосу менен бул жылы алардын ишкердик таланты ачылып, жаман эмес кирешеге ээ болушат. Ошого карабай акчасын сарамжал кармоо сунуш кылынат. Анткени жылдын аягына барганда ири сатып алуудан кийин акчага болгон тартыштык жаралат. Күзүндө Койлор өздөрүн лотереядан сынап көрсө болот.
Мечин жылы (1968, 1980, 1992, 2004…)
Мечиндер жашоосунун кескин өзгөрүшүнө эмитен өздөрүн даярдай беришсе болот. Таптакыр күтүлбөгөн окуяга кабылышат да, көнүмүш эмес кырдаалга моюн сунууга аргасыз болушат.
Сүйүү жана мамиледе. Мечиндердин жеке жашоосунда жаңылануу күтүлөт. Жан дүйнөсү мурункудай бир калыптагы мамилени эмес, андан күчтүү сезимдерди каалайт. Бул каалоо ушунчалык күчтүү болгондуктан айрым Мечиндер жаңы сүйүү издөөдөн да кайра тартышпайт.
Жумуш жана карьерада. Бул жаатта Мечин жылында төрөлгөндөр үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Эң негизгиси, алардын баарын энчилеп алып күчүн кетирбей, бирин гана кылдат тандап, ошонун үстүнөн иштөө сунуш кылынат. Анан да жалгыз иштөө эмес, топ менен иштөө бул жылы Мечиндерге ийгилик алып келет.
Акча жаатында. Жылдын биринчи жарымында ири киреше түшөт. Бирок акчаны башаламан иштете берүү сунушталбайт. Анткени сентябрь айында кырдаал өзгөрүлүп, көп акча керек болуп калат. Ошондой эле жылдыздар эч кимге, атүгүл жакын досуңузга да карызга акча бербөөнү эскертишет. Болбосо акчадан да, досуңуздан да айрылып каласыз.
Тоок жылы (1969, 1981, 1993, 2005…)
Тооктор үчүн бул жыл план түзүүнүн же ойлоп жүргөн пландарын ишке ашыруунун жылы. Чычкан алардын баарынын ийгиликтүү ишке ашышына жардам берет.
Сүйүү жана мамиледе. Туруксуз тоок бул жылы түгөйүн алмаштырууну чечет. Досуңуз аркылуу таанышкан адамыңыз түбөлүктүү түгөйүңүз болуп калмакчы. Бирок сезимдер дароо эле ойгоно койбойт. А үй-бүлөлүү Тооктор өмүрлүк жары менен болгон мамилесин саякатка чыгып бекемдесе болот.
Жумуш жана карьерада. Тооктордун көпчүлүгү катардагы кызматкерден – жетекчиликке, жалданып иштеген жумушчудан өз бизнесинин ээсине айланышат. Статус, ички дүйнө, айлана-чөйрөдөгүлөрдүн көз карашы, баары өзгөрөт. Ошого жараша көпчүлүк Тооктор жашаган үйүн же жашоо-шартын оңдоп алышат.
Акча жаатында. Мурунку жылдарда тынымсыз иштеген эмгегинин үзүрүн тооктор дал ушул жылы көрүшөт. Аларга акча оңой жана керектүү учурда өзүнөн өзү келип турат. Атүгүл лотереядан ири утушка ээ болуп калышы мүмкүн.
Ит жылы (1970, 1982, 1994, 2006)
Ак жүрөк, адилеттүү, алсыздардан жардамын аябаган Итке ыраазычылык иретинде Чычкан жагымдуу белектерди камдап койгон. Аларда баары жакшы болот.
Сүйүү жана мамиледе. Иттер бул жылы бактысына балкышат. Өздөрүн жарым сөзүнөн түшүнгөн, кам көргөн адамын табышат. Ал эми үй-бүлөлүү Тоокторго көбүрөөк үйүндө болуп, чарба иштери менен алек болуу, туугандары менен жакын мамиледе болуу сунуш кылынат.
Жумуш жана карьерада. Жумушта жетекчилик менен карама-каршылыктар келип чыгып, ортодогу түшүнбөстүктөр бир айга чейин созулат. Ушул кырдаалдан пайдаланып өз бизнесиңизди түптөп кетсеңиз ийгилик сизге жылмаят. Анткени сизде активдүүлүк жана ишкердик сапаттар бар.
Акча жаатында. Бул жаатта Иттер үчүн абдан жакшы жыл болот. Акчага болгон тартыштыктар убактылуу болуп турушу мүмкүн, бирок күтүлбөгөн жерден ири суммадагы акчалар да келе берет.
Доңуз жылы (1971, 1983, 1995, 2007…)
Доңуздар үчүн бул жыл жаңы нерселерге бай болот. Жаңы таланттарынын ачылышы, жаңы таанышуулар, жаңы мүмкүнчүлүктөр… Кыскасы, Чычкан Доңуздарга бул жылдын эстен кеткис жана өзгөчө болорун убада кылат.
Сүйүү жана мамиледе. Доңуздарды башкалар сүйүп турганы менен аны романтикалык жолугушуулар тез эле тажатып жиберет. Анткени Чычкан сыяктуу Доңуздар да үй-бүлө баалуулуктарын жогору коёт.
Жумуш жана карьерада. Экинчи жумушта иштөөгө аргасыз болосуз. Документтер, акча которуулар менен иштөөдө кылдат болууну Чычкан эскертет. Ошондой эле жаңы тааныштарыңыз менен сүйлөшүүдө абайлаңыз. Алардын арасында алдамчылар, көз боёмочулар болуп сизди сызга отургузуп кетиши ыктымал.
Акча жаатында. Акча жаатында олуттуу кырдаалдар күтүлбөйт. Доңуздар негизинен акчасын үй-бүлөсүнө, балдарына, үйүнө гана коротот.
Айназик Раимкулова
Булак: Леди