Домой Тагдыр Чүйдөгү жол кырсыгынан 6 адам каза болду. Арасында наристе да бар…

Чүйдөгү жол кырсыгынан 6 адам каза болду. Арасында наристе да бар…

126

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында катталган жол кырсыктан жалпы 6 адам каза болгонун Чүй облустук ЖКККБ тастыктады.

Маалыматка караганда, кечээ, 18-ноябрда саат 14:30 чамасында Бишкек—Торугарт жолунун 31-чакырымында, тактап айтканда Хунчи айылынын кайрылышында «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып жол чырактан түштүктөн түндүккө өтүп бараткан «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен айдоочу рулга ээ боло албай, жолдун ортосундагы тосмого урунуп, оодарылып кеткен.

Кырсыктан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаанын 3 жүргүнчүсү кырсык болгон жерден каза болуп, 6 киши ар кандай оор жаракаттар менен Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Ооруканадан 3 киши каза болгон.

Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, 18-ноябрда саат 14:23 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Торугарт жолунда жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барышканда төмөнкүлөр аныкталган: Саат 14:23 чамасында Бишкек—Торугарт жолунун 31/600-чакырымындагы жол чырактан (Кант-Карьердин кесилишиндеги) Нарын шаарынын 1994-жылы туулган тургуну С.Р. «Хонда Степвагон» менен батыштан чыгышты көздөй өтүп бара жатканда түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан «КамАЗ» менен кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун ортосундагы тосмого урунган.

Жүк ташуучу унааны 1960-жылы туулган К.К. башкарып бара жаткан.

Окуя болгон жерден «Хонда Степвагондогу» 4 адам каза болгон. Бир адам ооруканага жетпей каза тапкан. Дагы бирөө ооруканадан көз жумган. Бардыгы Нарын шаарынын жашоочулары болгон. Алар:

1) 2005-жылы туулган А.Э. (кыз);

2) 1980-жылы туулган М.А. (кыз);

3) 1947-жылы туулган О.Р. (аял);

4) 2020-жылы туулган Д.Т. (кичинекей бала);

5) 1965-жылы туулган К.Н. (аял);

6) 2007-жылы туулган К.К. (эркек).

Мындан тышкары 3 адам жаракат алган. Алар:

1) Нарын шаарынын 1994-жылы туулган С.Р., айдоочу (эркек);

3) Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган тургуну Т.К. (кыз);

4) Нарын шаарынын 1999-жылы туулган тургуну Ж.А. (эркек).

Жабырлануучулар Чүй облусунун бир ооруканаларынын бирине жаткырылган.

Иш боюнча күнөөлүү тарапты аныктоо максатында, керектүү экспертизалар дайындалды.