Домой Коом Чүйдөгү «миллионер» айыл.

Чүйдөгү «миллионер» айыл.

2052

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Интернационал айылы түптөлгөнүнө 70 жылга чукулдады. Айыл бир кездерде Фриденфельд деп аталчу. Интернационал айылынын квартал башчысы, активист Нургүл Эсенаманова айылдын таржымалын айтып берди.
Немистер түптөгөн «миллионер» колхоз
Ысык-Ата районундагы Интернационал айылы түптөлгөнүнө кеминде эле 60-70 жыл болду. Жанындагы Жар-Башы, Боз-Бармак жана Тереӊ-Кудук айылдары илгертеден эле ата-бабаларыбыз жайлап келген конуштар болгон экен. Интернационал айылы союз тараганча Фриденфельд деп аталчу. Себеби бул айылды илгери Улуу Ата Мекендик согуштан кийин репрессияланып келген немистер жана болгарлар курушкан. Союз тарагандан кийин көпчүлүк немистер үйлөрүн сатып, Германияга кете баштаган. Ошол кезде айылыбыз «миллионер» колхоз болгон.
Немистердин 95 пайызы Германияга кетип, азыр саналуу гана өкүлдөрү калды. Кийин айылыбыз Интернационал деп аталып калган. Себеби, бизде бир нече улуттун өкүлдөрү жана республиканын булуӊ-бурчунан келген жарандар жашайт. Айылыбыздын 70 пайызын кыргыздар түзсө, калгандары орус, дунган, немистер, казак, беларустар, татар, түрк элдери. Айылыбыздын дагы бир аталышы Биринчи май. Айылдын жаратылышы аябай кооз жана бак-дарактуу.
Артыкчылыктар жана көйгөйлөр
Азыркы күндө ташты иштетип чыгуучу 17 карьер иштетилүүдө. Спорт комплекс курулуп жатат. Айылыбыздагы көптөгөн жаштар жогорку билим алып, бир топ ийгиликтерди жаратып келишет.
Ар бир айылдын көйгөйү — бул таза суу жана жол маселеси болсо керек. Интернационалга караштуу Боз-Бармак айылындагы эл суу жагынан аябай жабыркап келишет. Себеби таза суу ар бир тургунга жеткен эмес. Айылдагы сууну ичкенге мүмкүн эмес. Таза сууну коӊшу айылдан ташып ичишет. Бизде деле таза суу көйгөйү жок эмес. Себеби сууну насос менен жердин астынан сордуруп алабыз. Көп убакта насос же мотор күйүп кетет. Бир-эки айдай суусу жок калабыз. Ар кайсы жактан ташып келебиз. Ушу суу маселесин чечип беришсе, абдан жакшы болот эле.
Дагы бир көйгөй жол маселеси. Жолдун көбү начар болгондуктан өзүбүз ашар жолу менен оӊдоого туура келет. Себеби, айыл ичиндеги жолду оӊдоо-түздөө иштерине бюжетте акча тартыш. 17 карьер иштеп жатып, бир да жолу жолубузду оӊдоп беришкен жок. Таштанды чыгарып, төктүргөнгө бир да техникабыз жок. Ушул жагынан да жардам берсе абдан сүйүнөт элек.
Элдик уламыш
Немис улутундагы жашоочулар аябай күжүрмөн калк болгон экен. Үйлөрүн да өзгөчө курушкан. Тазалыкты дайыма сактап, жыл сайын жазында ар бир үй-бүлө өз тосмолорун, дарбазаларын жаӊыртып, боёп турушчу дешет. Айылдын кире беришинен башталган гүлзарлар сонун көрк берип турчу экен. Азыр ошол гүлзарлардын бири жок. Бирок тигип кеткен каштан, кайыӊ, арча жана көп жылдык кооз бак-дарактар азыркыга чейин бар. Айылда туулуп, ушул жерде чоңоюп, кийин Германияга кеткен немистер жылда жай мезгилинде конокко келип турушат. Жолдошум немистер менен чоӊойгон. Классташтары Ольга Баудер жана Яков Маерда былтыр келип конок болуп кетишти. «Кичи мекенди аябай сагынабыз» дешет. Жылда келип турушат.
Айыл эли малчылык жана дыйканчылык менен алектенишет
Азыркы учурда Интернационал, Боз-Бармак, Жар-Башыдагы жашоочулардын жалпы саны 4117 адамды түзөт. Көпчүлүк тургундар мал жана жер иштетүү менен оокатын кылышат. Уй саап, сүтүн өткөрүшөт. Гектар жерлерге арпа, буудай, беде, жүгөрү жана кант кызылчасын өстүрүшөт. Ал эми жаштардын көбү шаар жакта иштешет. Айылыбызда мектеп, бала бакча, ФАП, нан бышыруучу жай, тегирмен, спорт аянтча, дүкөндөр, мечиттер жана айыл өкмөттүн имараты бар.

Булак: sonkukabarlar.kg