Ички иштер министрлиги Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди.
Операция учурунда Дмитриевка айыл өкмөтүнүн имараты курчоого алынган. Аталган айылдын башчысынын айтымында, атышуу эртең менен саат 6лар чамасында башталган жана имараттын ичинде жарандар болгон эмес.
Террорчулукка шектелген жаран бул айылдан ижарага үй алып, бир нече күн мурда көчүп кирген. Турак жай атайын операция учурунда күйүп кетти. Үй ээси окуяны мындай баяндады.
Атышуудан күч органынын эки кызматкери жараат алганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматында, алардын бири амбулатордук жардам алса, жамбашына ок тийген экинчи кызматкер Улуттук госпиталга жаткырылып, операция жасалат.