Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2-июнда билдиргендей, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 25 жаштагы кыз төрөлө элек баласын саткысы келип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси («Балдарды сатуу») менен каттоого алынган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 8 айлык боюнда бар 1998-жылы туулган С.З., 1996-жылы туулган Б.Ф. менен макулдашып, ымыркайды 100 000 сомго, «Айфон 12Про» үлгүсүндөгү телефонго жана Орусияга авиа билетине сатып жибергени белгилүү болгон.
Андан кийин «сатып алуучу» Ысык-Ата райондук каттоо кызматкери менен макулдашып, анын атына жалган документ жасашкан. 20-майда райондук оорукананын төрөт үйүнө кош бойлуу аял кирип, «сатып алуучунун» аты менен кыз төрөгөн.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери бардык шектүүлөрдү милицияга алып келишкен. Ымыркйдын апасынан iPhone телефону алынган.
Кылмыш ишин сотко өткөрүү маселеси чечилүүдө.