Домой Коом Чүйдө соттолгон 7 өспүрүм окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк алды

Чүйдө соттолгон 7 өспүрүм окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк алды

15

Чүйдө соттолгон жети өспүрүмгө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды. Бул маалыматты Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы таратты.

Балдарга күбөлүк Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемеде берилген.
«Мыйзам бузган жашы жете элек өспүрүмдөр кесиптик лицейди ийгиликтүү аяктап, техникалык адистикке ээ болду. Мугалимдер аларга тиешелүү сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырды», — деп айтылат маалыматта.
№14 тарбиялоочу мекемеде кесиптик окуу жайдан сырткары мектеп дагы бар.