Домой Коом Чүй милициясы: Окуучу кыздар уурдалганы тууралуу кабар тастыктала элек

Чүй милициясы: Окуучу кыздар уурдалганы тууралуу кабар тастыктала элек

84

Чүйдө эки окуучу кызды уурдоо аракети болгону тууралуу маалымат текшерилип жатат, бирок тастыктала элек. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 22-январда Панфилов районунун ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөөлөр эки кичине кызды машинеге салып кеттүүгө аракет кылганы тууралуу кабар түшкөн. Бирок кыздардын өзүлөрүн суракка алганда алардын айткандары эки башка чыгып жатат.

“Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Жергиликтүү тургундарды сурашытрганда алар чоочун эч кимди көрбөгөнүн айтышты. Учурда айылдын тегерек-чети тинтүүгө алынып, машинелер текшерилип жатат. Кыздардын көрсөтмөсү эки башка чыгып жаткандыктан калп-чынын аныктоо үчүн дыкат териштирүү жүрүүдө” деп айтылат Чүй милициясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

23-январда социалдык түйүндөрдө чөнтөк телефонго тартылган видео тарап жатат.

Анда көзү жашылданган кызды мектепке жетелеп кирип келаткандар “Машинеге салбай эле, колдорунан жетелептир. Булар жардам сурап ыйлаганда кое берип эле, урган бойдон кетишиптир. Машиненин ичинде эки бала бар экен” деп айтып жатканын көрүүгө болот.