Домой Коом Чубак Ажы ооруканага түшкөн соң 1 саатка жетпей көз жумган…

Чубак Ажы ооруканага түшкөн соң 1 саатка жетпей көз жумган…

5913

Өпкө оорусу кырчындай 45 жашында кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, таанымал дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак Жалиловду да колубуздан жулуп кетти.

Жамы журтка аттын кашкасындай таанымал диниятчы Чубак ажы Жалилов 11-июлга ооган түнү Бишкектеги Улуттук госпиталга оор абалда жеткирилген. Ал дарыгерлерден «дем алдырчу аппаратыңыздарды эртерээк туташтырасыздарбы» деп суранган. Ага кычкылтек концентраторунан экөө дароо туташтырылган. Дарыгердин айтымында, бейтап ооруканага түшкөндөн бир сааттай убакыттан соң көз жумган. Дарыгерлер Чубак ажы өпкөсү кагынып, буга чейин үйүндө дарыланып жатканын айтышты.