-Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов «Гумжардам алган инсан, динге да туура келбейт. Бул мындайча айтканда тилемчиликке туура келип калат» дептир. Мындай сөз жардамга муктаж элди, басынтуу, төө бастыга алуу эмеспи?
-Ал киши муктаж эмес болуп туруп, колунда бар болуп туруп, чыныгы муктаждарга жардамдарды жеткирбей жолдон мойсоп коюп жаткан байларды айтып жатса керек.
Аларды ошол катуу сөз менен сестентип, токтотуп коелу десе керек. Чындыгында муктаж эмес болуп туруп эле, кайрымдуулук жардамдарды сураса, ал пендеге Кудай Таалам жакырчылыктын эшигин ачып коет деген Пайгамбарыбыздын осуяты бар…
Жардамга муктаж адамдар жардам алганы туура, аларды жектөө туура эмес болуп саналат.
Жардам алуучулар керектүүсүн алып, ашыкчасын башкаларга калтыруусу кажет.
Мусулман жараны ар бир инсандын сөзүн туура түшүнүүгө аракет кылуусу абзел. Дароо жаман мааниге бура түшүнүүгө аракет кылбастан, жакшылыкка бурууга аракеттенүүсү зарыл.
Азирети имам Абу Ханийфа айтат: эгер бир мусулман пендеси кандайдыр бир сөз айтса, ошол кебинин 90% мааниси туура эмес, ыңгайсыз түшүнүккө далаалат кылып, 10% сөзү жакшылыкка жооруга мүмкүн болсо, жакшылыкка жооруп түшүнөөр элем деген…
Азыр кээ бир адамдар азирети Абу Ханийфанын сөзүн тескерисине амал кылып калгандыгы, диндин суздугунан кабар берет…
Булак: Саясат.кж