Аалымдар кеңешинен чыгып кеткен Чубак ажы Жалилов парламенттик шайлоого катышарын кыйытып, бирок, так кесе чечим ала элек экенин билдирди. Эгерде молдокебиз атсалышса, анда өзү эле 100 миңге чейин добушту алып коеру ажеп эмес. Динге чылк сугарылган карапайым фанаттары өтө арбын, жапырт колдоп кетишет. “Медалдын экинчи бети бар” демекчи, Чубак ажы депутат болсо, анда светтик мамлекеттин багытына шек кетип, Россияга өлө жаман көрүнөрүбүз да, туурабы? ФСБ мындайга жол береби? Чубак ажы депутат болсо, келечекте ага элдин баары ооп, “Ислам мамлекети” түптөлүп кетпейби? Сакалчандар башкарып, Афганистанга айланып кетүү коркунучу жаралбайбы? Кыскасы, курч соболдор кырынан турат!
Aryba.kg