Домой Экономика Чоң муштум министр аракты өркүндөтөбү?

Чоң муштум министр аракты өркүндөтөбү?

121

Өкмөттүн  токтому менен  Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, жүгүртүү жана импорттоону көзөмөлдөө, лицензиялоо жана мамлекеттик жөнгө салуу боюнча функциялары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берилгендиги  белгилүү.

Нурбек МурашевБуга чейин бул иш мамлекеттик салык кызматында болчу. Эми аталган министрликке өткөрүүгө  алкоголдук тармактын өнүгүүсүнө карата көзөмөлүнүн төмөндөшүнө жана анын экспорттук мүмкүндүктөрүнүн кыскарышы себеп болуптур. Салык кызматы кыйратпаган бул ишти аты бар заты жок министрлик кыйратабы  чоң муштум министр Мурашев кыйратабы? Ал кургур кечээ эле парламентте комитет жыйынында айыл-чарба маселесиндеги элементардуу  суроолорго жооп  бере албай ээси ооду го жүдөп-какап. Же арак дегенде анын мээси катуу иштеп кетеби же тескерисинче арак саясатын таптакыр өлтүрөбү? Башка  авторитеттүү мекемелер калбай калгансып башбакандын дал ошол чабал чоо-жайы чатак министрге арак саясатын  колтугуна салып бергенин кара. Мындайда таппасаң сыйпалап кал дечү беле…