Домой Коом Чолпонбек Абыкеев: Чындык ачуу болсо да учурунда айтылышы керек

Чолпонбек Абыкеев: Чындык ачуу болсо да учурунда айтылышы керек

289

Кагылайын кыргыз элим! Бүгүн дүйнөдө 3- дүйнөлүк согуш жүрүп жатат. Бул согушту Жараткан Кудайым өзү адамзаатка жиберди. Эми “Мен жиберген сыноодон кайсыл мамлекет, кайсыл улут кандай жыйынтык менен чыгаар экен”-деп карап турат. Эгер Жараткан Кудайымдын каалосуна жакын иштерди жасасак анда тартаар жазабыз жеңилдеп, бул сыноодон эрте чыгабыз. Жок. Дагы деле Жараткан Кудайдын каалосуна каршы келген иштерди жазап, моюн толгосок анда өз убалыбыз өзүбүздө.
Кыргыз эли дүйнөдөгү бай элдердин катарында жашоого жана бүгүнкү кыйынчылыкта ар кимден жардам сурап жалдарабай тескерисинче башка жакыр элдерге жардам көрсөтүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар улут, мамлекет элек. Буга бир эле Кумтөрдөн түшкөн байлыгыбыз деле жетмек. Тилекке каршы бүгүн эң жакыр мамлекеттердин катарында кайырчы болгонубузга эч уялбай эле тиленип отурабыз. Себеби Кыргыз Улутунун, Кыргыз мамлекетинин болгон байлыгын, ырыскысын 300 дүн тегерегиндеги эле коррупционерлер соруп жеп коюшту. Мамлекетибизди, улутубузду 300 дүн тегерегиндеги эле коррупционерлер сызга отургузуп кайырчы кылды. Аларды керек болсо ар бирибиз жүзүнөн тааныйбыз, атын билебиз, күн сайын аралашып деле жүрөбүз. Улуттагы улуттук намызсыздык ушул болду ошол акмактарга тике карап туруп “Сен элдин ырыскысын соргон жүзү кара жер кускур акмаксың”- деп айта албай, тескерисинче кошомат кылдык, депутат кылдык, жогорку кызматтарга шайлап башыбызга чыгардык. Бүгүн алардын тепсендисинде бүткүл дүйнөнүн астында акылсыз, оокат кыла албаган, жакыр улут катары кайырчынын кейпин кийип отурабыз.
Мамлекеттин, улуттун жакыр же бай болушунун жоопкерчилиги тээ атам замандан бери эле эл башында турган башкаруучуларынан болгон. Бул аксиома. Тилекке каршы өткөн 28 жыл ичинде Кыргызга жалаң гана анын байлыгын талап тоноп соргондон башка ЭЛ БАШЫ келбеди. Бүгүн “Элге гумжардам таратып жатам”- дегендердин 90 пайызы тээ ата- бабасынан берки муундан муунга өткөн байлыгынын эсебинен же өз кара жанын карч уруп тапкан байлыгынын эсебинен жардам берип жаткан жок. Болгону кечө эден алдап же уурдап алып койгон 100 коюнун 1 коюн (Кыргыздарга мал эсебинде айтсаң оңой түшүнөт) берсе жерге батпай “Баланча жардам берди”- деп сүйүнүп атабыз. Мейли анысына деле рахмат. Бирок алардын бирөнө да “Мен тилемчилерге жардам берип атам”- деп айтканга укук берилген эмес. Бүгүнкү Кыргыз элин тилемчиликке жеткизген так ошолор. Болгону 300 дүн тегерегиндеги коррупционерлердин азабынан чет өлкөгө 4 миллиард долларга жакын карыз болдук. Ошол коррупционерлердин азабынан канчалаган балдарыбыз мекенинен кетип мигрант болуп тентип жүрүшөт. Ошол коррупционерлердин азабынан канчалаган жаш муундарыбыз талапка ылайык билим ала албай билим берүү тармагыбыз талкаланды. Ошол коррупционерлердин азабынан оорулуларыбыз ойдогудай дарылана албай атат. 30 жылда бир жакшы оорукана курулган жок. Мындай тизмени улантсак узун. Ар бирибиздеги күнөө коррупционерди көрүп туруп көрмөксөн болгонубуз.Аларга каршы тура албаганыбыз. Керек болсо “Бул коррупционер”- деп чындыкты айткандарды колдой албасак да унчукпай калбай тескерисинсе коррупционерди колдоп, коргоп, бир күнкү курсагыбыздын тойгонуна балдарыбыздын, улутубуздун, мамлекетибиздин келечегин сатып, чындыкты айткандардын бетин тырмап ажылдап каршы чыккандыгыбыз. Себеби арабызда ак сөөк таза кандууларга караганда кул тукумдар көбөйдү. Байлоодогу ит үчүн ким жугундуну көп куйса ошол ээси. Андай иттер эч убакта бөрү боло албайт. Ал эми бөрү эч убакта циркте ойнобойт. Улутубуздан каны бузулду. Улуттук наркынан кете баштады. Бул өтө коркунучтуу.
Коммунисттер ак сөөктөрдү талкалап салгандан кийин жаратылыш мыйзамы бузулган. Челкеш заман келип чаң тополоң болгондо эмне болду? Ыймансыз, арсыз,кул тукумдарга, акмактарга кудай берди. Жогорку 300 адам ошондойлор.Чыныгы ак сөөктөр арам жол менен байлык чогултууга барбайт.Ак сөөк байлар эл башына карантүн түшсө ошол замат акыркы чычкак улагына чейин эл менен бөлүшөт. Себеби эли менен гана ал сыйга ээ экенин билет. Сени сасык байлыгың, жыйнаган мүлкүң “Азаматсың”- деп сени сыйлап турбайт. Сени сыйласа элиң сыйлайт. Сага сени курчаган элиң гана баа берет. Чыныгы ак сөөктөр ушуну билет. Ошодуктан “Эл менен көргөн улуу той”- деген сөз калган. Арам тамак коррупционерлерден кутулмайын, эл башына чыныгы таза кандуу ак сөөктөр келмейин кыргыз эли туура жолго түшүп оңолбойт. Ушуну ар бирибиз түшүнүшүбүз керек.

Чолпонбек Абыкеев