Домой Саясат Чодуевдин чыры бүтө элек

Чодуевдин чыры бүтө элек

83
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигиндеги бөлүм башчынын «министрдин орун басары рангында» Кытайга иш сапарына жөнөп жатканынын кызматтык комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мекеменин басма сөз катчысы Гүлчехра Садыкова кабарлады. Анын айтымында, комиссия мекеменин бөлүм башчысы Анаркүл Беккулиевага байланыштуу социалдык тармактарга жарыяланган маалымкаттын аныктыгын, ким кол койгонун тактап чыгат.

Мунун алдында Анаркүл Беккулиеванын министрликте иштей турганы аныктыгы жана анын министрдин орун басары рангында тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы экени көрсөтүлгөн маалымкат социалдык тармактарга жарыяланган. Ага министрдин орун басары Амангелди Исаев кол койгон. Бул маалымкат Беккулиеваны Кытайда жыл сайын өтүүчү «XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу» эл аралык жармаңкесине жөнөтүш үчүн жиберилген. Кытай тарап мунун чын-төгүнүн аныкташ үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Башкы дипломатиялык мекеме маалымат такталып жатканын билдирүүдө.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жана кол койгон орун басар Амангелди Исаев менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпай жатат. Мекеменин басма сөз кызматы жетекчилер өкмөттүн жыйынында экенин белгилеп жатышат. Аты аталган кызматкер Беккулиева 1-августтан тартып эмгек өргүүсүнө кеткен.

Маалыматка караганда, «XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу» эл аралык жармаңкеси жыл сайын Кытайдын ар кайсы шаарында өткөрүлөт. 100дөн ашуун өлкөдөн миңге жакын өнөр жай жана соода топтору, бир нече миң компания, ишкерлер катышкан жармаңке бул жылы августтун соңунда 23-жолу өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан айыл чарба министринин орун басары рангындагы кызматкерге чакыруу келген.

Бул маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууланып, министр Эркинбек Чодуевге карата сынды күчөттү.