Эл өкүлү Кожобек Рыспаев учурдун олуттуу маселелеринин бирин көтөрүп чыкты.
Тактап айтсак, чет элдик же чет элдик жарандар ээлик кылган маалымат каражаттарын тескөө тууралуу мыйзам кабыл алуу зарылчылыгы тууралуу сунушун билдирди. Анын айтымында республикабызда ишмердүүлүгүн жүргүзүп аткан телеканалдар же радиолордун чыныгы ээлери кимдер экендигин же кимдерге таандык экенин жалпы коомчулук билбейт. Ырасында эле ошондой, элибиз өлкөбүздө иш жүргүзүп аткан телеканалдардын жаңылыктарын угуп, көрсөтүүлөрүн көрүп келгендери менен алардын ээлери ким экендигин, кайсыл өлкөнүн жараны экендиги тууралуу таптакыр кабарлары жок. Ал эми бизде чет элдик жарандар ээлик кылган же чет өлкөлөрдөн каржыланган маалымат булактары бар. Тилекке каршы алар өздөрүнүн кайдан каржыланып атканын же жетекчиси, ээси кайсыл өлкөнүн жараны экендигин ачык айтышпайт. Маселен, республикабыздын борборунда иш алып барган «НБТ» аттуу телеканал бар. Бул телеканал Акаевдин убагында, тактап айтсак 1995-жылдын май айында түптөлгөн. Ошол жылдан тарта 2007-жылга чейин “Промоушн Медиа Холдинг” ЖАКсынын гендеректири Алтынбек Абдурашитов телеканалдын 70%ына ээлик кылып келген. Анан ошол жылы телеканалдын жетекчилиги алмашып, Шатман Борбоев аттуу жаңы жетекчи келген. Ал келери менен эле телеканалдын 100% акциясын “Медиа холдинг “Алатау” ЖЧКсына сатып жиберген. Албетте, мындан эч ким өөн издегиси келбейт. Бирок, телеканалдын акциялары толугу менен Казакстандын жараны Ержан Байтасовго өтүп кеткенин карапайым элибиз азыркыга чейин билген эмес. Ошентип толук чечмеленген аты “Независимая Бишкекская телевидения” деп аталган телеканалды дээрлик 8-9 жылдан бери казакстандык жаран жетектеп келет. Анан дагы ал телеканалга толук ээлик кылып калгандан кийин эле анын жетекчилик курамын толугу менен казакстандык жарандарга алмаштырганын айта кетели. Албетте, буга деле көңүл бурбай койсок болот эле, тилекке каршы аталган телеканал кыргыз бийлигин бир тараптуу гана сындап келатканы көп нерседен шекшитет. Же жалаң Казакстандын жарандарынан куралган телеканалдын жетекчилиги кыргыз бийлигин оодарып түшүү саясатын жасоодобу? Албетте, бул өзүнчө маселе. Буга окшогон маалымат булактары бизде дагы толтура. Андыктан эл өкүлү Кожобек Рыспаев сунуштагандай чет элдик жарандарга тийиштүү маалымат булактарын тескөөгө алып туруу зарылчылыгы келип калгансыйт. Бул ириде өзүбүздүн мамлекеттин коопсуздугу үчүн өтө маанилүү. Маселен, ошол эле Казакстанда кыргызстандык жаран кайсы бир телеканалга ээлик кылып, алардын бийлигин бир тараптуу шыбоого өтсө, эчак эле анын ишмердүүлүгүнө чекит коюлмак. Андыктан муну сөз эркиндигине кысым катары карабай, мамлекеттин коопсуздугуна камкордук көрүү катары кабылдоо кажет.
Мурат Мусакеев