Домой Коом Чек арасы такталбаган мамлекет көз карандысызбы?

Чек арасы такталбаган мамлекет көз карандысызбы?

34

Суверендүү мамлекет болгонубузга 29 жыл толгону турат. Бир кылымдын дээрлик үчтөн бир бөлүгүнө чукул убакыт. Эгемендик алган жылы жарык дүйнөгө келген наристелер азыр кадыресе киши болушту. Бирок, мамлекетибиз кадыресе мамлекет боло алдыбы? Толук кандуу көз карандысыз, эгемен өлкөбүз деп айта алабызбы?

Жер бетин каптаган COVID-19 пандемиясы дүйнө мамлекеттеринин кимисинин дарамети кандай экенин бат эле аныктады. Мындай кырдаалда Кыргызстан казынадан төлөнүүчү айлык акы, пенсия, жөлөк пулдарды да чет мамлекеттерден келген кредиттер менен төлөөгө аргасыз болуп калаарын көрдүк. Биздин өлкө бир айлык карантинге да өз күчү менен туруштук бере албайт экен. Эгер мындай өзгөчө абал жарым жылга чейин созулуп кете турган болуп калса, анда абалыбыз кандай болушу мүмкүн эле? Ай сайын сырттан кредит алып, аны кайра айлык акы, пенсия, жөлөк пул кылып таратып жашайт белек? Өтө ойлонто турган суроо.

29 жылдын ичинде «Биз» деген түшүнүк «Мен» деген түшүнүккө өзгөрүлдү. Шайлоо алдындагы убадаларда да, жасалган иштерде да «Мен» үстөмдүк кылып калды. «Биз жасап жатабыз, биз жасадык, биздин мамлекет» деп айтуу эмгегин уурдатып жибере тургандай түшүнүккө айланды. Албетте ар бир адамдын «Мени» бекем болуп, материалдык-финансылык базасы чыңдалса, анда ал адамдын эркиндиги, көз карандысыздыгы да кайсы бир деңгээлде камсыздалат. Ошентип 29 жылда «Мен» деген пайдубалын бекемдеп алган жаңы олигархтар чыкты. СССРдин убагында олигарх деген түшүнүк да, олигархтын өзү да жок эмес беле. Бирок, мамлекетибиз совет доорундагыга салыштырмалуу жакырланды, таланып-тонолду, карызга белчесинен батты. Бир жаңы завод курбай, бир жаңы ГЭС салбай эле карызга баттык. Ушундан эле жаңы олигархтардын кайдан чыкканы түшүнүктүү болуп турат.

Канчалык баарыбыз «Менди» чыңдоо менен гана алек болсок да, дүйнөлүк аренада биз көз карандысыз Кыргызстан деген мамлекет катары таанылабыз. Жеке эркиндигибиз тууралуу канчалык көп саймедиресек да, бардык келишимдерде, жогорку деңгээлдеги жолугушууларда, эл аралык уюмдарда геосаясий бирдик катары Кыргызстан сөз сүйлөйт. Демек, биз Кыргызстандын эли экенибиз тууралуу ойлонууга негиз бар.

Союз кыйраган 1990-жылдардын башында биздин эң чоң жетишкендигибиз – оңой-олтоң эле көз карандысыздыкты алып калганыбыз болду. Ал убакта союздун курамындагы дээрлик бардык республикаларда хаос болуп турду. Экономика да, саясатта да. Жадакалса Россия Федерациясы да СССР ыдырагандан кийин өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялап алды. Анан кайра «Биз мурда кимге көз каранды элек?» деген суроого жооп табалбай, көз карандысыздык күнүнүн аталышын өзгөрттү.

Эгемендик алгандан кийин биз өзүбүздүн көчмөн эл болгонубузду кайра эсибизге алдык. Союз маалында элибиздин бул тарыхы анчалык иликтенбей, көмүскөдө калып келген болсо, көз карандысыздык менен кошо биз өзүбүздүн көчмөн маданиятыбызды кайрадан тирилттик. Өзүбүздүн улуу эл, улуу улут экенибизди айта баштадык.

Тилекке каршы, ошону менен катар эле совет доорунун идеологиясынан бошонуп алгандан кийин, кай тарапты көздөй кадам ташташыбыз керек экенин билбей чайналдык (Чайналуу дагы деле уланып келатат). СССР тыюу салып келген көрүнүштөрдүн баары көзүбүзгө жаңылык, өзгөчөлүк, өсүү-өнүгүүнүн жолу катары көрүнө берди. Батыштын маданияты бизди жакшы жашоого алып келе тургандай ээликтик. Адегенде мындай эркиндиктин арты кандай болорун да божомолдоп көргөн жок элек. Аягында бир жыныстагы сексуалдык карым-катышты кеңири жайылтуу, пропагандалоого чейин келип жетти. Жылаңачтанууну искусство деп таңуулоо башталды. Билим берүү системабызга ар кайсыл өлкөнүн ар кандай долбоорлору келип чапталып отуруп, жамаачыланган системага ээ болуп калдык. Анын натыйжасын биздин бүгүнкү күндөгү парламенттеги «элиталар» көрсөтүп жатат.

Ошол эле учурда идеологиялык боштуктун ордун диний агымдар ээлеп алды. Салттуу исламдан сырткары, радикалдуу агымдардын да өкүлдөрү пайда болду. Өзгөчө жаштар бат эле сакалдарын өстүрүп, пакистандыктардын, арабдардын кийимдерин кийип чыга келишти. Кыргызда «Атасы тирүү кезинде баласы сакал койбойт», «кыргыздын кийимдери деле ислам динине каршы келбейт» деген сөздөрдү уккулары келбейт. Караңгылыктын айынан балдарын мектепке жибербегендер, ооруканалардан эмдөө жасатпагандар да ушул диний агымдардын бирине кирип кеткендерден чыгууда.

Өнүгүп жаткан ар кайсыл мамлекеттерди карап: «Мына ушул мамлекетте момундай реформалар жасалып жатат, биз ошону жасабайлыбы» десе, экинчиси ага таптакыр каршы чыгат. Үчүнчүсү дагы башка мамлекетти мисалга тартат. Айтор, ар кимди тууроо адатка айланды. «Казды туурайм деп карганын буту сыныптыр» деп акылман элибиз илгери эле айтып койгонун эске ала элекпиз.

Гендердик теңчилик деп кыкырып жүрөбүз. «Аялдардын укугун коргойбуз» деген бейөкмөт уюмдары арбын. Бирок, аялдардын укугу эмне болуп бузулуп жатканын көзгө сая айта албай келишет. Аял укугун коргоо деген лозунг менен аялдарды жылаңачтоо, үй-бүлөлүк очоктун бузулушуна түртүү аракеттери гана жасалып жатканын байкап турабыз.

Эгемендик алган жылдардан тарта чет мамлекеттерден иштеп, жашоосун оңдоп алууну көздөгөн мекендештерибиздин саны жыл санап арбып отурду. Айрым маалыматтарга караганда Россияда эле миллиондун тегерегиндеги кыргызстандык мигранттар бар. Алыскы АКШда, Европа мамлекеттеринде да улам көбөйүүдө. Дээрлик чейрек кылымдан бери чет мамлекетте жашап, бала-чакасын чоңойтуп жаткандар көп. Анан албетте, алардын бала-чакасынын таалим-тарбиясы да ошол мамлекеттердин жашоо маданиятына жараша болууда.

Өздөрүн «Теңирчилер» деп атаган катмар пайда болду. Кыргыз эли Кудайды да Теңир деп атап келгенин алар четке каккылары келет. Ислам динине каршы турушат.

Эң өкүнүчтүүсү, көз карандысыз мамлекет болгонубузга 29 жыл толсо да, аликүнчө чек аралабыз тактала элек. Чек арасы такталбаган мамлекет көз карандысызбы?

Айтор, мамлекетибизди бир кемеге салыштыра турган болсок, анын багытын ар кайсыл жакка бурууга ниеттенген, желдин согушун өзүнүн багытын көздөй пайдаланууну көздөгөн жүздөгөн катмар жүрөт. Бир автоунаага 100 руль орнотуп, 100 адамды айдоочу кылып койсо, ал унаа ордунан жыла алабы?

Балким, балга түшүп кеткен аарыдай ордубузда ызылдап тура бергенди токтоторбуз. «Мен» дегенди жыйыштырып, «Биз» деген түшүнүктү көбүрөөк колдонорбуз. Адамдардын жүрөгүн ойгото турган улуттук идеология түзүп чыксак кандай болот? Ошол идеологияны иштеп чыгууну кызганбай, же уялбай туруп эле жетик билимдүү, байлыкты, мансапты туу тутпаган интеллигенция өкүлдөрүнө береттирбиз. Болбосо, эки сөздүн башын эптей албаган «элита» улуттук идеологиябызды жазып чыгабыз дешсе, анда өтө эле кордук көрүп калабыз го.

Канатбек Аскаров

Булак: Медиа Центр