Домой Коом Чек арачылардын чыры. Талгат Алановду сотко берген кесиптештери үн катты

Чек арачылардын чыры. Талгат Алановду сотко берген кесиптештери үн катты

356

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы кызматкери Талгат Алановду сотко берген 5 кесиптеши үн катты. Алардын Т-Медиага билдиришинче Талгат Алановдун айтып чыккандары чындыкка дал келбейт.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талиповдун айтымында, Алановдун эмгек өргүүдө жүрүп маалымат жыйын курганы туура эмес.

Биринчиден ал коомчулукка айтып чыккан коррупция боюнча маалыматын жетекчиликке, андан соң жыйынтык болбосо аскер прокуратурасына жеткириши керек эле.

Бул кадамы менен ал уставды сактабай, башка аскер кызматкерлерине туура эмес үлгү көрсөткөн. Мындан сырткары аскердик кызматта демократия жок экенине, жетекчисинине баш ийүү системасы иштей турганына каршы чыкты.

«Биз Талгат Аланов атын атаган кызматкерлерди чакырып сурадык. Алардын аты жөндөрү коомчулукка жарыяланды. Бул менен алардын тууган уруктары, дос жолдошторунун арасындагы кадыр баркына шек келди. Биз аскер прокуратурасына бергенбиз. Алардан бизге аскер прокуратурасында каралбай турган иш деп жооп келгенден кийин, Ош шаардык сотуна кайра жазышкан.  Жыйында аты аталган скер кызматкерлери келип, биздин атыбыз кара болуп калбаш керек  актыгыбызды далилдейбиз дешти. Биздин дагы тууган урук, достордун арасында абройубуз бар. Бардык жерде эле сен ушундайсыңбы деген нерседен актангыбыз, таза жүргүбүз келет деп, ошол максатта сотко берилген»,- деди Илгиз Талипов.

Талгат Аланов коррупциялык беш фактынын бирине тиешеси бар деген кызматкерлердин арасында чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаевдин агасы Абдыжапар Карыбеков да бар. Ал анын пенсия курагы мыйзам чегинде узартылганын айтат.

«Мен Эркештем өткөрмө бекетинде иштейм. Менин атыма  жалган жалааларды айтканы үчүн ак экенимди тактайын дегенмин. Сотко өзүмдүн актыгымды билдиргим келди. Себеби мени, пенсияга чыгып алып дагы деле иштеп жатат деген. Мен пенсияга жеткен эмесмин. Пенсияга жетпегениме байланыштуу 11 айга узартылган. Мыйзамдын чегинде иштеп жатам«, — дейт Абдыжапар Карыбеков.

Аты аталгандардын катарындагы Эмилбек Темирбаев, Дастан Калыков, Ниязбек Молдоазимовдор дагы өздөрүнүн таза экендигин тастыктоо максатында сотко кайрылып жатышканын кошумчалашты.

Ал эми Талгат Аланов коррупцияны айтып чыкканы үчүн мамлекеттик чек ара кызматы ар кандай ыплас иштерге барып жатканын билдирет.

Ал беш факты боюнча 2019-жылдын август айында иликтөө жүргүзүп баштаганда чек ара кызматынын Оштогу башкармалыгы токтотуп, ишти жаап койгон деп кошумчалап, ишти аскер прокуротурасына өткөрүп бергенин айтты.

«Ошолор өздөрү коррупцияга аралашып жатат. Мен рапорт жазгам. Иликтөө жүргүзүп баштаганымда, аны токтотуп, башка офицерге берип, ишти жаап коюшту.  Прокуротурага бүт маалыматтарды бергенмин. Ошону айтып чыккандан бери, менин үстүмөн кызматтык куугунтук бүтпөй келет. Ар кандай коркутуулар  келип, телефонго кат жазып жатышат. Кечээ жакында мен жөнүндө туура эмес маалымат конвертин таштап кетишиптир«,- деди Талгат Аланов.

Аланов мамлекеттик чек ара кызматынын 2005-жылдан бери 300 ирет Кыргызстандан сыртка чыкты деген маалыматын четке кагат. Аны далилдеген документти көрө электигин айтып, мунун баары каралоо максатында даярдалган деп эсептейт.

Талгат Аланов 2005-жылдан бери 300 ирет Кыргызстандан сыртка чыккан деген маалыматты чек ара кызматы кечээ 22-январда тараткан. Учурда бул материал боюнча республикалык аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Талгат Аланов өткөн 2019-жылдын 27-ноябрында Ошто басма сөз жыйын куруп, өзү иштеген башкармалыктагы коррупция боюнча беш фактыны айтып чыккан.

Жыйындан кийин Ош горнизондук аскер прокуротурасы бул боюнча териштирүү иштерин баштаган. Бирок азырынча жыйынтыгы чыга элек.

Ал эми ушул жылдын 17-январында чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын беш аскер кызматкери Талгат Алановдун үстүнөн сотко арыз менен кайрылып, ар бири абийирибизге шек келтиргени үчүн деп Алановго 100 миң сомдон доо коюшкан. Учурда соттук отурум белгилене элек.

Булак: t-media