Ызылдап, тызылдап эле келатабыз чек арабызды тосо албай калдык деп. Ооба, мунун жүз пайыз чындыгы бар. Орчундуу бул маселени отуз жылдык турмушубузда келип, кеткен бир да өлкө башчы жолго сала албады. Тескерисинче Акаеви да, Бакиеви да салкын мамиледе болушуп жүрүп, акыры четке айдалып кетишти. Учурда деле күн алыс чек араларда чатак чыгып, жаман жери-адам өмүрүнө кесепети тийип жатат. Бечелдикти көрсөткөн мурдагы өкмөт башчынын орун басары болгон Жеңиш Разаков айласы кеткенде арызын жазып берип, кызматтан чегинди. Бул күндөрдө болсо сотко келип, кетүү менен алек. Эгерде иштин сазайын берген кызматкер болгондо минтип уятка калмак эмес.
Тилди жешилте бергенден пайда жок. Чек араны чечүүнүн жолун тапса болот. Маселен, биздеги эки-үч байдын эле капчыгына “ышкырып” койсо каражат жагы чечилип, анчалык чек арадагы абал күчөмөк эмес. Албетте, ошол ишааратты мамлекеттеги биринчи адамдын сунушу катары аппараттагы үлкөндөр кыймылга келтириши зарыл. Антпесе үйлөгөн желден шыбак да кыймылдабайт. Маселен, “ажыдаардай” оп тартып, оозуна илингендин баарын мойсогон байлар ого эле көбөйүп кетти. Эми ошолордун акчасы шайлоого жумшалат. Андан эч кимге жарык тийбейт. Андан көрө миллиондогон каражатты чек арага чегеришсе кыйла жеңилдик болмок карапайым жарандарга. Аттиң, ушул сунушубузду ак үйдүн маалыматты мыкчыган билермандары ажонун кулагына жеткиришсе оң чечимге ээ болмокпуз. Антишпейт го…
Булак: Ачык сөз