Домой Дүйнөдө Чех илимпозу: COVID-19 бат эле өзгөрөт экен

Чех илимпозу: COVID-19 бат эле өзгөрөт экен

152

Соня Пекова “Опуртал өлкөдөн” эмес, тынч жай деген жерден келип, дарыгерлерге кайрылбаган адамдардан сестенткен оорунун белгилерин тапкан.

Илимпоздун жаңылыгы чех өкмөтүнүн саясатын өзгөртүп, мамлекеттик лабораторияларда ооруга чалдыккан өлкөлөрдөн гана эмес, сырттан келгендерден, алар менен байланышта болгондордун баарынан анализ алып, текшерүүнү баштоого түрткү берди. Кыязы ошондон жугуштуу оорунун жайылышы Чехияда көпчүлүк башка өлкөлөргө караганда кыйла жай жүрүүдө.

Март айынын ортосунда Соня Пекова өзү ырастагандай SARS-CоV-2 дартын так жана арзан тесттен өткөрүү протоколун иштеп чыкканын билдирип, аны кызыкдар медициналык мекемелерге бекер таратып берүүнү чечкен. Аны Чехиянын илимдер академиясы, ошондой эле дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнүн лабораториялары колдонууда.

Өткөн базар күнү “Азаттык” радиосунун орус кызматынын кабарчысы Соня Пекова менен маектешип келген. Дүйшөмбүдө маектин тексти редакцияланып жатканда орусиялык пропаганданын таасирине ыктаган айрым интернет сайттарда “Пекова словакиялык ТАЗ телеканалына берген маегинде SARS-CоV-2 АКШ лабораторияларында жасалган, америка өкмөтү аны жашыруу аракетин жасоодо, америкалык окумуштууларды вирус тууралуу калптарды айтууга мажбурлап жатат деп айтыптыр” деген миш-миш чыгып кетти. Ал сайттар белгилеген маектин өзүндө Пекова вирус тууралуу андай сөздү айтпаптыр.

Маекти чыгарууну токтотуп жагдайды тактоо үчүн Пекова айымга дагы кайрылдык. Анын бизге берген жообу:

“Мен вирустун чыгышы жана таралышы АКШга тиешелүү, ага аз да болсо байланышы бар деп эч жерде же эч качан жазган да, айткан да эмесмин. Ошол эле учурда АКШ кайсы бир жолдор менен вирус тууралуу маалыматтарды тескеп же айтпай жашырып жатат деген да эмесмин. SARS-CoV-2 вирусуна АКШнын байланышы тууралуу дегеле кеп кылган эмесмин”.

Ошол эле учурда Пекованын айтуусунда, вирустун жасалма жол менен пайда болушун эстен чыгаруу жарабайт. Эмне үчүн бул вирус башка таажылуу вирустарга окшобойт, аны тестирлөөнүн усулу башкалардан эмнеси менен айырмаланат, жугуштуу оору жайылып кеткенде кантип жашайбыз, ушул жана башка суроолорго Пекованын “Азаттык” радиосунун орус кызматына берген маегинен окуй аласыз.

Таажы вирусун тестирлөөнүн кандай түрлөрү бар, алардын айырмачылыгы эмнеде?

– Принципиалдуу түрдө айырмаланган тестирлөөнүн эки түрү бар. Бири ПЦР (полимераз жайылма реакциясын колдонуу менен. – РС), РНК вирусун таап чыкчу негизге таянат, калк арасынан вирусту жайылткандарды табуу, эпидемияны ооздуктоо үчүн мына ушул тест колдонулушу керек. Башка тест вируска антителди табууга негизделген, оору жаңы башталганда же ноокас айыгып калганда ушул тестти пайдаланышат.

Ушу тапта жыйынтыгы жарым саатта, 20 же 5 мүнөттөн кийин жаңы тесттер тууралуу жаңылыктар жайнап кетти. Бул антител тестиби?

– Булардын баары экспресс-тест дегендер, алардын баары антителди табууга негизделген. Өкүнүчкө карай, алардын баары оорунун белгиси жок бейтаптарга диагноз коюуга жарабайт, жаңы эле вирусту жугузуп алгандарды да аныктай албайт, себеби алардын организминде вируска антител иштелип чыга элек. Экспресс-тест организмде антител иштеп чыкканга дейре ооруну аныктай албайт. Анын натыйжалуулугу адамдын иммундук системасы кандай, организмде антител иштеп чыгууга жөндөмү кандай экенине байланыштуу. Эгер бейтап иммунотерапиянын айрым формаларынан өткөн болсо же анын иммунитети алсыз болсо, андайга бул тесттин эч кандай жардамы тийбейт. Экспресс-тесттер инфекцияны табуунун арзан жана жакшы ыкмасы болушу мүмкүн, алар организмде күчөп бараткан ооруну организм кантип көтөрүп жатканын аныкташы ыктмал, бирок ал алдын-ала диагностикага, оорубай бирок ооруну башкаларга жугузуп жүргөндөрдү аныктоого жарабайт.

Жуктуруп алгандан кийин болжол менен канча күндөн кийин экспресс-тестти колдонууга болот?

– Серологиялык боштук (жугузуп алгандан антител пайда болгонго чейинки убакыт) ар кыл мезгилге узарышы мүмкүн, бул вирус боюнча да так айта албайбыз, баары конкреттүү бир адамдын иммунитетинин абалына байланыштуу. Ошондуктан экспресс-тесттер көрсөтө албаган учурлар кыйлага созулушу мүмкүн, эки же үч аптага созулуп кетиши ыктымал. Кээде бир жумада аныкталып калат. Кандайынан келгенде да, бул жерде сааттар эмес, күндөр, жумалар жөнүндө сөз болууда.

Сиздер лабораторияда антителге тест колдоносуздарбы же ПЦРгеби?

– Биз ПЦР-тестти колдонобуз, бул тест биологиялык материалда РНКны аныктоого негизделген.

Анын жыйынтыгын канчага чейин күтүүгө туура келет?

– Бир бейтаптын анализи үчүн 4-5 саат. Тест боюнча иштер бир нече этапта жүрөт. Ал эми 100 тестти иштеп чыгууда, албетте, кыйла убакыт кетет, жыйынтыгын кийинки күнү билдиребиз.

Сиз ойлоп тапкан протокол стандарт ПЦРге караганда жыйынтыгын эрте чыгарабы?

– Андай деле эмес, стандартык протоколго негизделген жабдуу, убактысы жагынан айырмаланбайт. Бирок ал кыйла так, көп деле реактив кетпейт, аппаратка анча оорчулук келтирбейт. CDC (АКШда ооруну алдын алуу жана текшерүү борбору. – РС) протоколуна ылайык вирусту аныктап чыгыш үчүн анын кодунун үч сегментин табыш керек. Биз иштеп чыккан протокол вирустун башка кодун аныктоого багытталган, аныкташ үчүн анын бир сегментин табуу жетиштүү. Ошон үчүн мага үч пробирканын, анализатордогу үч позициянын, реагенттин үч дозасынын ордуна бири эле болсо жетиштүү. Реагенттерди үнөмдөйм, анализатордогу слотторду азыраак пайдаланам, анын натыйжасында бир убакта эле бир канча тесттерди жүргүзө алам. Башкача айтканда, мурдагы учурга караганда анализаторго бейтаптардын тесттерин үч эсе арбын салам.

Пулинг (бир эле учурда бир нече адамдардан анализ алуу) тууралуу эмне айта аласыз, мисалы, аны израилдик дарыгерлер сунуш кылууда.

– Пулинг – жакшы усул, медицинада кеңири колддонулат. Маселен, трансфузиологияда, ар кыл вирустарды аныкташ үчүн канды куярдын алдында текшеришет, муну жаңы усул деп айтыш кыйын. Биз да колдонобуз, 10го чейин кардарлардын канын бир убакта текшеребиз. Эпидемия башталганда көпчүлүк тесттер терс жыйынтык берип аткан кезде мындай усул кыйла убакыт менен реактивдерди үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк берди. Ошон үчүн мен бардык лабораторияларга пулингди пайдаланууга кеңеш берет элем, себеп дегенде пулингдердин бир кыйласы тескери чыгат, андай учурда бейтаптарды андан ары текшербей деле койсо болот, жыйынтыгы оң чыккан бейтаптарды жакшылап текшерип, аларды кароого шарт түзүлөт.

Сиз эмне үчүн CDC эмес, генокоддун башка сегментин тесттен өткөрөсүз? Бул сегменттин айырмачылыгы эмнеде, анан да ал ушунчалык эле маанилүүбү?

– Байкап аткандырсыз, SARS-CoV-2 вирусу тез өзгөрүлмө – ыкчам мутацияланып кетет. Мүмкүн ооруп айыккан адамдардын кайрадан ага кабылган учурлары ушундай бүтүмгө негиз берүүдө. Мутацияланганда геномдун бөлүктөрү да өзгөрүшү ыктымал, алгачкы тест мына ушуну аныктоого багытталат. Биздин тест болсо геномдун мутацияга туш келбеген жерин аныктоого багыталган. Акыры түбү, ири тажрыйбага таянып, башка вирустарды изилдөөдөн кийин вирустун ушул жери кадыресе өзгөрүп кете албасын көргөнбүз. Генетикалык коддун өзгөрүшүнөн чыкчу калп тескери жыйынтыктардын чыгышы бул жерде кыйла аз. Вирустун мутацияланышына карабай биздин тест туруктуу болот деген үмүттөмүн.

– Вирустун улам-улам мутацияланып турушу ага каршы натыйжалуу вакцина табууну татаалдаштырбайбы?

Айталы, эгер мен көк плащчан вирус жуктуруп алып сакайсам, ага каршы иммунитетим иштелип чыгат, анын артынан кызыл плащчан вирус келсе менин организмим аны башка вирус деп кабыл алат.

– Тилекке каршы, вакцинага карата алганда, бул өзү жаман кабар. Баары кандай эпитоп экенине байланышкан, башкача айтканда, вакцина иштеп чыкчу адамдар негизги максат катары бул вирустун кайсы протеин алуусуна жараша болот. Ага чейин вирус плащын, сырт кабыгын өзгөртүп турса, анын протеини да өзгөрөт, ага каршы жасалган вакцинанын натыйжасы болбой калат. Ушу тапта сасык тумоого байланышкан абал кайталанышы ыктымал, сасык тумоонун штаммы деле жыл сайын өзгөрүп, быйылкысы былтыркысына окшошпой калбадыбы. Кыязы, жаңы таажы вирус аябай ыкчам өзгөрүлөт окшойт. Ошондон азыр жасалып аткандар белгилүү бир убакыттан кийин натыйжасыз болуп калышы мүмкүн.

Вирус өзгөрүлүп улам жаңы “плащ” жамынып алып атпайбы.

Анда “сүрмөтоп иммунитети” да болбой калабы? Ооруп айыгып, анан дагы ооруп?

– Ие, так ошондой. Вирус өзгөрүлүп улам жаңы “плащ” жамынып алып атпайбы. Айталы, эгер мен көк плащчан вирус жуктуруп алып сакайсам, ага каршы иммунитетим иштелип чыгат, анын артынан кызыл плащчан вирус келсе, менин организим аны вирус деп кабыл алып, ага да иммунитет иштеп чыгышы керек. Баарын эске алганда бул вирустун эң эле жагымсыз түзүлүшү ушул.

Бул вирустун өзгөрүүгө – мутацияга жөндөмдүүлүгү сасык тумоодой элеби – андан жеңилби же оорбу?

– Биз жакындан бери гана бул вирусту билип атабыз, ошондуктан сурооңузга так жооп бере албайм.

Бул вирус башка суук тийип калуудан күчөп кетчү “кадимки” таажы вирустардан эмнеси менен айырмаланат?

– Менимче, баарыдан мурда жөндөө жаатынын өткөрбөстүгүндө (белоктордун синтезине жооп бербей койчу генетикалык коддун бир бөлүгү. – РС). Гендер өзү таажы вирусунун жөндөөчү жаатынын ыраатынан өзгөчөлөнүп бир кылка жайгашкан. Таажы вирусунун жөндөлүп турчу ырааты жарганаттарда жашайт. Вирустун “дени”, анын генинин түзүмдөрү жарганаттардын вирусуна окшош. Адамга жуккан бул вирустун жөндөө жааты азыноолок өзгөртүлгөн, мына ушул өзгөчөлүк биз байкагандай, анын ыкчам көбөйүш жөндөмүн пайда кылган болуу керек. Ыкчам көбөйүшүнө жараша ал аябай жугуштуу да. Анын ыкчам өзгөрүшү, кыязы, мына ушул жагдайдан чыккан болуу керек – мурда билинбеген штаммдары жайнап чыга келет. РНК – вирустарын өндүрүп чыгаруу жана бөлүштүрүү үчүн РНК – көз каранды РНК – полимераз ферменттери керек болот, аларда “жаңылып-жазып калуу” деген болбойт: туура эмес чыгып калган нускалары эмне кылып жатканы менен деле иши жок. Вирус канчалык тез көбөйсө, андан бөлүнүп чыккан нускаларында катачылыктары да ошончолук. Мындан улам ген түзүмдөрүндө жайнаган мутанттар жүрөт. Менимче, таажы вирусунун жөндөө жааты ыкчам көбөйүүгө жөндөмдүү, башка таажы вирустарында мындай жөндөмдүүлүк жок. Мүмкүн ушундан улам, башка жөнөкөй таажы вирустарынан айырмаланып бизге артыкбаш түйшүк алып келбестен, олуттуу зыян келтирүүдө.

Эки жума илгери сиз бул вирус жасалма жол менен чыгышы деле мүмкүн деп айткансыз. Индиялык окумуштуулар эпидемия жаңыдан каптап атканда ошол эле сөздү айтышкан. Жакында эле америкалык окумуштуулардын макаласы чыкты, анда вирустун жасалма жол менен жасалышы толугу менен жокко чыгарылды. Сиз ал макаланы окудуңузбу? Макала мурдагы оюңузду өзгөртпөдүбү?

– Макала абройлуу Nature Medicine журналында жарыяланды. Макала чынында эле жакшы, жыйынтыктуу жазылган. Бирок анда вирус гендеринин түзүмдөрү жөнүндө гана кеп болуп, аны жөндөө жааты тууралуу бир да сөз айтылган эмес. Индиянын окумуштуулары, мисалы, ВИЧ түзүмүнө окшош түзүмдөрдү табышты, болгондо да вирустун түзүм бөлүгүнөн, эми ал канчалык деңгээлде чындыкка дал келерин мен айта албайм. Бирок, кандай болгон күндө да Nature Medicine журналындагы макалада таажы вирусунун жөндөө жааты жөнүндө кеп болбойт, менимче, вирустун генокодунун өзгөрүлүп турушу мына ушул жөндөп туруу жаатына байланыштуу.

Башкача айтканда, сиз бул вирус жасалма жол түзүлгөн деп эсептейсизби?

– Мен аны эстен чыгаруу жарабайт деп эсептейм. Жүрүм-туруму өтөле башкача. Жер үстүндө адамга жукчу вирустар толтура. Адатта биз оорунун белгилерине карап кайсы вирус дартты козгоп атканын аныктайбыз. Албетте, 100% эмес, ошентсе да эгер оорунун белгилери мындай болсо бул сасык тумоонун вирусу, ич өткөк болсо башка вирус, бөрү жатыш башталса герпевирусту издечүбүз. Ошондуктан таажы вирусунан чыккан оору болсо ал белгилүү бир агым менен жүрөрүн билчүбүз. Ал эми бул таажы вирусунун жагдайы таптакыр башкача, буга болбогон жаңы типтеги оору сыяктуу.

Соня Пекова
Соня Пекова

Вирустун клиникалык сүрөтү ошол эле типтеги башка вирустарга коошпой, айырмаланып турса ким да болсо таң калат го. Анын генокоду жөнүндө болсо, өмүрүмдүн кыйласын молекулярдык биология менен генетикага арнадым, клондошторууга катыштым, вирустардын ар кыл бөлүктөрүн гендик инженерияга пайдаландым – бул бардык жерде эле жасалып жаткан иш. Анан мына бул ыраатты көргөндө (жөндөө жаатындагы) мага биринчи эле бул вирустун табигый вирустарга окшобогондугу баамга урунду.

Эгер биз түзүм гендери жөнүндө гана кеп кылсак, бул вирустун өзгөчөлүгүнө маани деле бермек эмесмин. Бул жерде жалпы геномдун өзүн караш керек, анын башка бөлүктөрүн эстен чыгарбай, баарын чогуу караш зарыл, мүмкүн ошондо биз жооптуу табат болушубуз керек. Бул эми менин жеке оюм, болушунча көп кишилер бул вирусту изилдеп чыгышы керек. Биз сунуш кылып жаткан тест, протокол мына ушул жөндөө жаатына багытталган. Тесттерди өткөрүп аткандар вирустун кандай экенин көрүшүп, ал тууралуу ойлогондорун айтышсын.

Бул вирус жөнөкөй таажы вирустарына окшобойт, SARSка да окшобойт, ушундай да?

– Кандай десем, жөнөкөй таажы вирустарына караганда SARSка кыйла окшош, себеп дегенде башка таажы вирустары бизге сасык тумоо алып келет же тамакты кычыштырат, бир канча күн андан жүдөп ооруп, анан айыгып кетесиз. Ал эми бул вирус болсо, SARS-CoV-2, башкаларга такыр окшобойт. SARS бир жыл бизге келди да дайынсыз жок болду. Бул вирус болсо ыкчам өзгөрүүсү аркылуу кыйлага кетпей туруп алабы деп корком.

Биз эмне кылышыбыз керек? Ага каршы күрөшүүнүн кандай келечектүү ыкмалары бар?

– Ушу тапта вакцина жасап жаткандар бул вирустун белгилүү варианттарынын баарына каршы турчу дары жасоого аракет кылат болуш керек. Эгер бизге калкыбызды толук вакцинадан өткөрүп, вирустун бир топ варианттарын жок кыла алсак, мүмкүн биз аны жеңип чыгабыз. Эгер, проблема жөндөө жаатында гана болсо, вирустун мына ушул жөндөө жаатын жок кылып, вирусту токтотобуз деп ойлойм. Вирусту ырааттуу катарынан чыгара алсак, ал өзүнөн-өзү жок болот. Ким билет, акыр-аягында бизге ген терапиясына кайрылууга туура келер, кандайдыр бир ДНК-вакцина же ошондой бир иммунологиялык эмес, молекулярдык дарылоого келербиз.

Андай вакциналар азыр барбы?

– Азырынча эксперименталдык гана. Бул өзү жаңы нерсе, бул вирус медицинанын ушул тармагынын ыкчам өнүгүшүнө себепкер болуп калышы деле ыктымал.

Ушу тапта бул вирус деле өзгөрүүлөрдүн натыйжасында коркунучу жок катардагы вирустардын бири болуп, аягында ашып барса мурундун суусун агызчу суук тийүүнү, сасык тумоону чакырчу көнүмүш вирустардын бирине айланып, эч кандай коркунучу болбой калат деген теория тууралуу кандай ойдосуз?

– Андай болсо сонун болбойт беле, бирок да бул вирустун аяк-башы көрүнбөгөн мутациялык потенциалы бар, айрым мутациялары аябай коркунучтуу болушу мүмкүн, башкалары биологиялык жагынан андай активдүү эмес. Вирус мындан ары кандай болорунан кабарсызбыз. Мага, албетте, анын жок болушу, жоготулушу маанилүү.

Дагы бир болжолду айта кетейин, биз азыр эң оор кырдаалда кыйын жагдайларды тосуп салуудабыз. Ошондуктан оор вирустар таралбай, жеңил оору чакырчу же болбосо билинбей эле өтүп кетчү вирустардын жайылышына шарт түзүүдөбүз.

– Ооба, коркунучу азыраак мутациялар организмде, мүмкүн, чогуу жашай берер, алар суук тийгенде козголчу башка таажылуу вирустар менен чогуу жүрө бериши ыктымал, айрым штаммдары кетпей калып калышы деле ыктымал. Ушул жеңил дегендерин деле жеңип, бу балакеттүү вирус толук жоюлса жакшы эле болмок.

Биринчи кирген вирус “клетканын эшигин жаап алып” башкаларга: “Бул жер ээленип калды, башкаларга орун жок” дейт.
Эмнеликтен бул вирустун балдарга зыяны жок?
– Ушул боюнча менде өзүнчө теория бар. Аным туурабы же туура эмеспи – айта албайм, бирок мага логикалуудай сезилет. Вирусологияда суперинфекциядан четте калуу деген феномен бар. Белгилүү бир топтун клеткасына вирус жукканда, ал вирус салыштырмалуу организм үчүн анча деле коркунуч келтирбейт, ал топтогу өтө коркунучтуу вирустар андайда клеткага кире албай калышат. Биринчи кирген вирус “клетканын эшигин жаап алып” башкаларга: “Бул жер ээленип калды, башкаларга орун жок” дейт.

Ошондуктан клеткага кайсы бир зыяны жок суук тийип калууну чакырчу таажы вирус кирип калса, андай вирустар балдарда толтура, мадырабаштардын тамагы ооруп дайым чимкириги куюлуп жүрөт, андай балага – SARS-CоV-2 жөнөкөй айтканда, жакын да жолобойт, баланын организминде башка вирустар толтура. Минтип айтыш чындыкка туура келеби деп ойлойм, буга чейин кичинекей балдардын катуу ооруганы, чарчап калганы тууралуу бир да жагдай сыпаттала элек. Анткен менен балдар көп оорушат, бул алардын алардын кайсы бир өзгөчөлүү иммунитетинен улам болуп атат деш кыйын. Бул феномен, суперинфекциядан четте калуу, маселен, төмөнкү патогендик аренавирустар боюнча сыпатталган.

Бир жашка жетпей таажы вируска кабылып чарчап калган бала тууралуу жаңылык чыкты. Бул окуя АКШда болгон. Таажы вирустун ымыркайдын чарчап калышына кандайдыр бир катышы бардыгы тууралуу так маалымат жок. Наристенин жаны башка себептен улам учуп кеткендир.

– Бул эми биринчи жагдай болуп атпайбы, Жер шарындагы эң көп калк балдар экенин карашыбыз керек. Балдардын кандайдыр бир өтө натыйжалуу коргоочусу бар, бул алардын иммунитети эмес, аларда иммунитет жаңыдан гана пайда болууда, алар анан такай оорушат.

Америкалык эпидемиолог Ральф Бэйрик момундай божомолун ортого салыптыр: жөнөкөй таажы вирустардын баары, анын ичинде тумоо чакыргандары да, биринчи ирет жугуп атса чоң кишилерди өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бирок бала кезден ооруй берип, аларга иммунитет жаратып алганбыз, кийин чоңойгондо оору кыйла жеңилирээк өтөт. Бул жөнүндө сиз кандай ойдосуз?

– Мүмкүн. Биз билгенден шилекейде калып канга кошулбаган жөнөкөй таажы вирустар дем алуу органдарын же ичеги жолдорун жабыркатат, мындай илдеттен адам да, жаныбарлар да жабыркашат. Бул вирустарга антител кандан иштелип чыгат: антител иштеп чыкчу B-лимфоциттин саны көбөйөт. Шилекейде гана калчу вирустарга IgA антители иштелип чыгат, негизи эле шилекейдин иммунитети аябай алсыз болот. B-лимфоцитинин бардыгын шилекей таажы вирусу аркылуу гана билдик дегенге мен анчалык ишене бербейм. Кадимки таажы вирустар чынында күчтүү иммундук жообун талап деле кылбайт, себеп дегенде, алар, биринчи иретте алардын иммуногени алсыз, экинчиден, алар шилекейде гана жашайт. Вирус канга жайылганда B-лимфоциттер ачыкка чыгат. Шилекейде вирус кандан алыс болот. Ошон үчүн андай ооруларга такай чектирип туруулар талап кылынат.

Азыркы жагдайда өкмөт эмне иш кылышы керек?

– Бул эми таптакыр жаңы оору болуп аткандан кийин, ал тууралуу биз жакшы билбеген соң, биринчи иретте тестирлөөнү кеңири жайылтыш керек, ал аркылуу вирус кайдан пайда болуп жатканын, кантип таралганын билишибиз зарыл. Кантип жайыларын билишибиз керек. Мен байкагандан көп адамдарда дем алуу органдарында вирус чогулуп калган, алардан эч кандай симптомдорду байкай албайсың. Бул дурус кабар. Азыркы жаман кабарлар жаап турган учурда айрымдарга таажы вирус кандайдыр бир өлүм чакырчу оору катары сезилет. Антип ойлонбош керек, көп адамдар оң диагноз менен жугуп калган вирустан анча деле жапа чегишпейт, оорунун билинер-билинбес белгиси байкалып же байкалбай деле өтүп кетерин билиши абзел. Болушунча маалыматтарды чогулта берүү зарыл, биздин көз алдыбызда баары ушунчалык тездик менен өзгөрүлүүдө. Айталы, башында биз вирус ыкчам өзгөрүлүп кетерин билген эмеспиз, эми болсо аны билип алдык. Биз улам жаңы нерселерди билип жатабыз. Мага чех өкмөтүнүн таажы вирусуна тесттерди болгон лабораториялардын бардыгына өткөрүүгө шарт түзгөнү жакты, биздин дарыгерлердин колунан көп иш келет. Башында тестирлөөчү лабораториялар аз болчу, ал ошол бойдон калса, аябагандай чоң жаңылыштыкка алып келмек. Тест жүргүзүп, маалымат чогултууга уруксат берген өкмөткө ырахмат, чогултулган маалыматтар абдан маанилүү.

Карантин киргизип коюу туура болдубу же айрымдар айткандай бул өзү артыкбаш ишпи?

Карантин – эпидемияга каршы натыйжалуу күрөшүүнүн мыкты чарасы. Вирустун таралуу очокторун бөлүп коюу – аны жеңүүнүн эң мыкты жолу.

– Албетте, карантин, арыкбаш иш эмес. Калк арасында вирустун тарап кетишин чектей турган нерсе ушул. Аны менен бирге натыйжалуу тестирлөөнү башташ зарыл, башкаларга оору жуктурбаш үчүн белгилери бар адамдарды канчалык эртерээк аныктасак, ошончолук жакшы. Башында карантин клиникалык белгилери бар бейтаптарды гана бөлүү максатында коюлган: энтигүү, көкүрөктө оору, ысытмасы барлар кимдер менен байланышта болгонун аныктоо болчу. Кийин көрсөк, кээ бир адамдарда оору симптому жок деле вирус жуккан экен, ошондон жалпыга карантин жарыяланды.

Карантин – эпидемияга каршы натыйжалуу күрөшүүнүн мыкты чарасы. Вирустун таралуу очокторун бөлүп коюу – аны жеңүүнүн эң мыкты жолу. Карантин иш-чараларын киргизип атканы жакшы, убакыттын өтүшү менен аларды өзгөртүп, мүмкүн жеңилдетүү керек. Маселен, карантинде вирус жуктурбагандарды кармоонун кажаты жок, аларды тестирлөөнүн жардамы менен гана аныктоого болот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы айткандай, тестирлеп жана дагы тестирлөө зарыл. Башка жолу жок. Соо кишилердин иштөөсүнө уруксат бериш керек, баары эле иштебей үйдө отуруп калса мамлекет кантип жашасын.

Мындайда жөн адамдар кандай жүрүшү керек? Сөзсүз маска тагынышы керекпи? Утурумдук мээлейди?

– Маска сөзсүз тагыныш зарыл, башкалар үчүн кам көрүүнүн бир жолу ушул. Бизден майда шилекейлер чыгат дейбиз го, эгер биз вирусту жуктуруп алсак, ошол шилекейлердин ар биринде оголе көп вирустар болот. Эгер мен беткапчан болсом шилекейлердин майдасын болбосо да чоңдору сыртка чыкпайт.

Жеке мамиле-катнашта беткап өзгөчө керек, адам сүйлөшүп аткан жанындагысына жуктуруп албашы үчүн деле. Ал эми респираторлор болсо коркунуч менен күндө күрөшүп аткан, күрөштүн алдыңкы катарында турган дарыгерлер, өрт өчүрүүчүлөр, полиция, дүкөндүн кассасында иштеген сатуучулар үчүн керек, алардын кызматысыз мамлекет турмушу токтоп калат. Коргонуунун кыйла ишенимдүү жабдуулары ошондой адамдарда болушу керек. Башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирбеш үчүн жөн-жай адамдар көчөгө маскасы жок чыкпашы керек.

Жоолук, шарф, бетти жаап алчу материалдарды масканын ордуна колдонсо болобу?

– Жоктон көрө жогору, болот. Сүйлөшүп атканда сиздин ооздон чыккан шилекейди тосуп коюш үчүн керектүү нерсенин баары жарайт.

Коомдук жайда кайсы бир нерсени кармаш керек болгондо адам өзүн кандай алып жүрүшу керек? Лифттин баскычы, эшиктин кармагычы, дүкөндөгү нерселер.

– Кадимкидей эле. Көнүмүш буюмдарды шап эле кармаган жарабайт, мисалы ачык турган нанды. Кийин үйгө келгенде колду самын же дезинфекциялык каражаттар жууп салыш керек – ушул эле. Антаңдап акыл-эсти жоготуунун кажаты жок.

Адамдар бир жерлерин кармалай берет, мисалы, жаагын таянып мурдун чукуп, чачты сылап… Мунун коркунучу жокпу, адам көчөдө бир нерселерди кармалап, анан ошол колу менен мурдун чукулап атса?

– Бетти сылоо – жайылып кеткен жаман адат. Андан кутулуш үчүн колду байлап койдум деп ойлоп, жүзгө кол тийгизбеш керек, себеп дегенде ооз, мурун жана көз – вируска эшик аччу дарбаза. Айрымдар мисалы, окуп атканда бетин сылагылай берет. Сылаба!

Айрымдар бир кол менен көчөдөгү, дүкөндөгү же башка жерлерде кармалай бер, экинчи колуң менен жүзүңдү сыла дешет. Ошентсе болобу же бул аша чапкандыкпы?

– (Күлөт.) Жөн гана бетти сылаба. Эгер аябай эле колуң кычышып атса жеңиң менен аарчы. Колдон келишинче өзүңдү жана башкаларды кармалаганды азайтыш керек. Жок эле дегенде колуңду жууганга дейре.

Нестероиддик жугузууга каршы ибупрофен жана аспиринди колдонуу жана колдонбоо жөнүндөгү токтолбой келаткан талаштарга оюңуз кандай, бу дарылар иммунитетти жоготпойбу? Же тескерисинче иммунитетти калыбына келтирчү дарылар боюнча оюңуз кандай?

– Мен клиникалык медик эмесмин, лабораториядын чыкпаган “чычканмын”, мындай суроолорго адистигим жетишпейт. Бирок бул оорудан набыт болгондордун өпкөсүнөн фиброз чыкканы белгилүү. Бул патогенге оголе көп иммундук жооп берүүнүн салакасы, дене өпкөнү калыбына келтирүү аракетине киришкенде кандан келген кислородду алмаштырчу жука чел кабык катып калат да эч нерсени өткөрбөй коёт, өпкө иштей албай калат, анын натыйжасында жүрөктө проблема пайда болот.

Ошондуктан кичине, этият иммуномодуляциянын зыяны жок. Бирок бизде бул оору боюнча тажрыйбабыз аябай эле аз. Бизге маалыматты көп чогултуу керек, биз эмне жардам берерин, эмне зыян кыларын билбейбиз. Кандай болгондо да, бул боюнча мен адис эмесмин, ошондуктан эч кандай кеп-кеңеш бере албайм. Менин кесибим – молекулалар, бул суроо болсо иммунологдорго.

Дагы бир божомол боюнча пикириңизди билейин дедим эле. Эпидемиянын жайылыш масштабы менен ылдамдыгы ар бир өлкөдө ар башкача чыкканы ал жерлерде өпкө оору менен BCG каршы жалпы эмдөө жүргүзүлүшүнө жараша болууда деген кеп бар, ушуга оюңуз?

– Кох таякчасы –клетка ичиндеги патоген, ошондуктан аны жеңиш үчүн клетканын иммунитети болушу керек. Бул жарамсыз сөз эмес. Бирок мындай теориялар азыр толтура, мен алардын баарын окуган деле жокмун, ошондуктан бул боюнча менин бекем негизге таянган жообум деле жок.

Сиздин оюңузча, Чехияда расмий статистика көрсөткөндөн вирус жугузуп алгандар көп эмеспи?

– Биздин лаборатория негизинен тестирлөөгө тикелей көрсөтмөсү: табы көтөрүлгөн, жөтөлгөн, дагы башка белгилери жок адамдарды тесттен өткөрөт, ошол эле учурда ооруканаларга көмөктөшүп оору белгиси менен келген бейтаптарды да тесттен өткөрөбүз. Биздин өзүбүз чогулткан маалыматтарга ынансак, эч кандай оорунун белгиси жоктордун саны, вирус жугузуп аландардын арасында 5% гана түзөт. Массалык тестирлөө башталганга чейинки жарыя кылынган расмий маалыматтар, мүмкүн, азайтылгандыр, себеп дегенде, алар белгиси бар бейтаптарды гана тесттен өткөрүшкөн. Андай болгон соң реалдуу сан кыйла көп болушу мүмкүн. Расмий санга мен болжолдуу 5% кошор элем.

Башкача айтканда, ооругандардын саны пайыз боюнча 5% эмес, мисалы, 10 эсе көп эмеспи?

– Жок, 10 эсе көп деп ойлобойм. .

Киши кантип жуктуруп алганына жараша оорунун оорлошуп кетиши болбойбу, аба аркылуу, дем алуу органдары же байланыштан улам?

– Инфекция өзү аба, ооз аркылуу жугат, кишинин канчалык жуктуруп алганы ошол жуктурган кишиге байланыштуу. Эгер организмде вирус көп болсо ооз аркылуу көп вирус сизге оошот. Эгер катуу оорулуу кол жоолугуна катуу чүчкүрүп, булганган колу менен эшик ачып кирсе, анан ошол эшикти артынан сиз ачып кирсеңиз, анан колуңуз менен мурунду чукулап койсоңуз болду – сиз оор вирусту жуктурдуңуз.

Күн жылып жай келгенде эпидемия басаңдашы мүмкүнбү?

– Билбейм. Эпидемия кайнаган ысык климаттагы өлкөлөрдү деле каптап атпайбы, ал жерде анын жайылуусу кандай жүргөнүн байкоо керек. Принцибинде дем алуу органдары аркылуу жукчу инфекциялардын сезонго жараша азаюу, көбөйүүсү болот, эгер саратанда эпидемия азайса, аябай эле жакшы болмок. Биз бул вирус менен биринчи ирет кездешип жатабыз, ошондуктан өзүбүздү кандай алып жүрүштү жакшы билбей жатабыз.

Сиздин оюңузча, бул канчага созулушу ыктымал? Эмнеге даяр болушубуз керек?

– Жугуштуу оорулардын жайылышы апталарга эмес, айларга созулат. Адатта ал эки-үч айга жетет. Эгер бул вирус токтолбой өзгөрө берсе узакка созулушу мүмкүн. Көрөбүз.

Майда деле токтолбойт дейсизби?

– Эгер мен көзу ачык олуя болсом сизге качан токторун так айтып бермекмин. Мүмкүн майда деле уланат болуш керек, анан жайда токтолот го. Мүмкүн бул вирус такай биз менен болор.

Сизди окуп, угуп аткандарга айта турган сөзүңүз бардыр, эмне айткыңыз келет?

Бул учурду өткөрүшүбүз керек, башка айла жок. Маанайды чөктүрбөй, тамашаны таштабай жакшы жашагыла, буюрса, жайда бул абалдан чыгып кетебиз, анан ал эскерүүлөрдө гана калат, кайра кайталанбайт.

– Айткым келет. Вирус улам өзгөрүп, мутацияланып турганы биз үчүн жакшы деле жаңылык эмес, окурмандарга мен эмнени айткым келет, таажы вирус – сөзсүз эле ажал айдап келчу оору эмес. Вирусту жугузуп алган адамдардын көбү андан азап чекпей эле айыгып чыгат. Көптөрү эгер тесттен өтүшпөсө вирус жугузуп алганын билбей деле калышмак экен.

Менимче, ушу тапта адамдар үчүн эң маанилүү нерсе болушунча токтоолук, эч ким жинденип ары-бери баспасын. Карантин эрежелерин сактагыла, байкабай башкаларга жуктуруп албаш үчүн такай беткап тагынып жүргүлө жана азыркы учурда канчалык мүмкүнчүлүк болсо ошончолук кадыресе турмушту уланткыла. Бул учурду өткөрүшүбүз керек, башка айла жок. Маанайды чөктүрбөй, тамашаны таштабай жакшы жашагыла, буюрса, жайда бул абалдан чыгып кетебиз, анан ал эскерүүлөрдө гана калат, кайра кайталанбайт. Баарыңыздарга жакшылыктарды каалайм, – деп айтты “Азаттык” радиосунун орус кызматына берген маегинде чехиялык вирусолог Соня Пекова.

Чех илимпозу Пекова менен маек “Радио Свободага” жарыяланган. Аны кыргыз тилине Бекташ Шамшиев которду. Орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Булак: Азаттык