Баракчадагы билдирүүдө “Учурда жаңжал чыккан жерде эки “Тез жардам” бригадасы нөөмөттө» деп жазылып турат.
Аларга көмөк көрсөтүүгө Баткен облустук ооруканасынан реаниматолог менен травматолог адистер саламаттык сактоо боюнча облустук координатор менен кошо Чечмеге чыгып кетишти” деп жазылган.
31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда, «булак бизге таандык» деп сөз талашып чырдаша кеткенде чыккан.
Өзбекстандын чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, «кырдаал толук көзөмөлдө» деп маалымдады. «Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат» деп жазылган билдирүүдө.
Таш атышуудан жаракат алгандар бар экени тууралуу Өзбекстандын соцтармактарында жазылып чыкты, бирок расмий маалымдалган жок.
Булак: Азаттык