«Кыргызалтын» ишканасы Centerra Gold Inc компаниясы менен болгон күрөштө Тенгиз Бөлтүрүктүн жеке компаниясынан кеңеш алат. Бул тууралуу белгилүү адвокат Канат Хасанов өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айында «Кыргызалтын» ишканасы Бөлтүрүктүн «Global Revival Inc” компаниясы менен кеңеш алуу үчүн 300 миң долларга келишим түзгөн.
Белгилүү болгондой, келишимдин негизги максаты экологиялык жана экономикалык тармактагы маселелерди чечүү болгон.
«Кыргызалтын» менен «Global Revival Inc» компаниясынын келишими 31-декабрда аяктайт.
Эсиңиздерге сала кетсек, Лондондогу Баалуу металдар базарынын ассоциациясы (LBMA) “Кыргызалтын” ишканасынын Алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 17-сентябрдан тарта токтотконун жарыялаган. Тагыраагы «Кыргызалтын» ишканасына таандык Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү Good delivery макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырп. Кыргызстандын алтынын экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыккан.