Домой Аналитика Cадырова Напсисин тыя албайбы же чын эле акылы кемби?

Cадырова Напсисин тыя албайбы же чын эле акылы кемби?

373

Анара Сариева

Өткөн айдын этегинде белгилүү ишкер Нарынбек Сариев тууралуу жалпы коомчулукка жагымсыз кабарды “Кабар” мамлекеттик агенттиги аркылуу анын өз аялы Анара Сариева таратып, анын айткандары бүгүн да коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Биз да көпчүлүк катары ал маалыматтарды таң калуу менен кабыл алганбыз. Бирок, бир тараптуу айтылган кептердин “мандеми” бар экенин сезип, бул окуянын чоо-жайына журналисттик иликтөө жүргүздүк. Эмесе, иликтеп топтогон маалыматтарыбызды окурмандар менен тең бөлүшөлү.

Анара (өз фамилиясы Садырова) Сариева башынан эле Нарынбек Сариевдин байлыгына кызыгып тийген өңдүү. Аны менен бир нече жыл жашап бир эмес, үч бала төрөп берген экен. Учурда кичүүсү 3 жашта. Анара айымдын: “Күйөөм үй кызматчыбызды зордуктап, 3 балам менен мени өлтүргөнү жатат” — деп айтканы жалган, ойдон чыгарылгандыгы атайын текшерүүлөрдөн улам аныкталыптыр. Көрсө, кептин төркүнү такыр башкада экенин билдик. Нарынбек мырза, бул аял менен 1 жылдан ашык убакыттан бери жашабасы,  үч бала тең өзүндө экени белгилүү болду. Бирок, Анара Садырова расмий түрдө ажырашууга арыз бербей, ар кайсы шылтоолорду, күйөөсүнө акылга сыйбай турган ар кандай талаптарды коюп келиптир. Маселен, анын максаты — күйөөсү он жылдан бери түптөп, бутка тургузуп койгон чоң фирмасын баш-оту менен алуу болгон.  Нарынбек мырза, ушунча жыл эмгегин, каражатын салып фирмасын бүгүн бирди айтып, эртең экини айта берген аялына карматып коюп, кур жалак калмак беле? Ким болсо да, мындай ишке жол бербейт. Ал ансыз деле аялына расмий түрдө ажырашканча эле берчүсүн берип, тойгузуп коюптур. Иликтөөнүн натыйжасында: Нарынбек мырза аялын эч нерседен кем кылбай үстүнө бир эмес, эки-үч үй берип, алдына убагында бир эмес, эки-үч ирет жаңы жол тандабасты тартуулаптыр. Канткен менен аялымдын энеси, балдарымдын тайэнеси деп кайын энесине да шаар ичинен үч бөлмөлүү батир алып бериптир. Анара айым да оңой куу эмес окшобойбу, күйөөсүнүн мындай кымбат баалуу белектерин өзүнүн туугандарынын наамына каттатып турган экен.

Ошентип, Садырованын саясаты күйөөсүнүн курулуш тармагындагы фирмасын толугу менен алуу болуптур. Ал максатына жетүү үчүн ар кандай ыкмаларды да колдонуптур. Маселен, ал күйөөсүн коркутуу үчүн “чёрныйларды” жалдап, аларга: “Фирмаңды балдарыңа каттап бербесең, көргүлүктү көрсөтүп коёбуз” — деп телефон чалдырат. Эгер Сариев алардан коркуп фирмасын балдарына кататтып койсо, анда мыйзам боюнча Садыровага фирманы талашып алууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Нарынбек мырза да көрүнгөн немелер чалып, “өлтүрөм” десе эле, коркуп кала турган суу жүрөктөрдөн эмес окшобойбу, айтор өз телефонуна түшкөн телефон номурун тиешелүү тарапка текшертсе, ал телефон номуру №1 СИЗО жана башка түрмөлөрдө олтургандарга тийиштүү болуп чыгат. Ал аялынан мындай телефон чалдырууларды токтотууну суранганда, ал 100 миң доллар сураптыр, айтор соодалашып олтуруп, акыры күйөөсү ага бир канча миң  доллар берип жатканда, аялынын коркутуусунан тажап укук коргоо органдарына карматып, колуна кишен салдырат. Бирок, Нарынбек мырза эркек болгондон кийин, анын үстүнө ортодогу балдарды ойлоп, тилкат менен бошоттуруп коёт.

Напсисин тыя албай, бүт максаты байлык жана күйөөсүнүн фирмасы болгон Анара Садыровага бул окуя сабак болбойт, тескерисинче күчөп, 23-февраль күнү мамлекеттик “Кабар” агенттигинен күйөөсүн жамандап, жалган маалымат жыйынын өткөрөт. Бул жерде айтып кетчү нерсе, мыйзам боюнча мамлекеттик “Кабар” агенттиги мындай маанайдагы маалымат жыйынын өткөрбөшү керек эле. Же эптеп эле акча төлөп турушса, маалымат жыйынынын жаман-жакшысын иргебей, “пулуң болсо, кулуңмун” деген ыкма менен иштешеби? Балким, “Кабар” кайсы бир күнү террористтер маалымат жыйынын өткөзөбүз деп барышса деле, өпкөсүн чаап, төрүнө өткөзө береби? Демек, бул маселе да көз жаздымда калбашы зарыл.

 

Үй кызматчысын максатына жетүү үчүн жалган айттырып…

“Үй кызматчыбызды зордуктады” деген маселе да максатына жетүү үчүн колдонулган ыкмалардын бири болуптур. Садырова үйүндөгү кызматчы Ишенбекова Айперини бир күнү эле:“Сен үйдөн баланча миң долларлык алтынды уурдап алыпсың, мен сени сотко берем, каматам”-деп албууттанып, жок жерден айыпка жыгат.Эмне кыларын билбей, жедеп корккон кыз ыйлап-сыктап карганса да бул балээден кутулбасын түшүнөт. Акыры Садырова ага: “Сен  прокуратурага  мени үй ээси Сариев Нарынбек зордуктап салды”-деп арыз жаз, анан бул балээден кутуласың” — деп акыл үйрөтөт. Айпери айласыздан мындан 1 жыл мурун Аламүдүн районун прокуратурасына арыз менен кайрылат. Бирок, кийин бул айтып жаткандарыбыздын баарын тергөө учурунда Садырованын сасык саясатынын курмандыгына айланып кала жаздаган айыпсыз кыз толугу менен төкпөй-чачпай айтып берет. Кыскасы, бул иш боюнча тыкыр иликтөө жүрүп Сариев Нарынбектин күнөөсү аныкталган эмес.

Садырова маалымат жыйынында күйөөсү Сариев Нарынбекти өкмөт башчы Темир Сариевдин бир тууганы, Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин досу, ага чоң акча берген деп айткандары иликтөөнүн жүрүшүндө калпка чыгып, мунун баары ойдон чыгарылгандыгы аныкталганын да билдик.

 

Жаздырып алгандары ачык чыкты

Анара Садырова күйөөсүнүн фирмасын толугу менен алуу үчүн бир топ адамдардан жардам сураптыр. Кыязы, аларга “фирманы алсам, үлүш берем” — деп кызыктырса керек. Аялына жардам бергендерди Нарынбек мырза, өзү деле жакшы билет болушу керек. Эгер бул маселеде алардын аттары коомчулукка угулса, чоң талкуу болуп, алар да мыйзам алдында жоопкер болуп, зыян тартып калышы толук мүмкүн.

Милиция кызматкерлери тергөө учурунда Садырованын кол телефонун талапка ылайык алып коюп, текшерүү жүргүзгөн учурда ал телефонго жогоруда кеп кылып жаткан бардык иштердин баарын диктофонго же атайы башка бир программагабы, айтор баарын жаздырып алып тургандыгы аныкталыптыр. Ал жазылгандардын ичинде кимдер менен кандай кызматташканы, кимдер жардам бергендиги, айтор бул чуулуу иш боюнча бардык маалымат бар экендигин билгендер кеп кылышканын кулагыбыз чалды.

Эми ойлой бериңиз, бул аял мунун баарын башынан эле күйөөсүнө каршы жасап келген экен да. Кыргызда бекеринен: “Койнуңда жаткан аялдан өткөн душман жок” — деп айтпаса керек.

 

2012-жылы машинеси менен сүзүп…

Мындан 3 жыл мурун болгон окуяга кайрылалы. Анара Сариева жаңылбасак кеч кирген маалда күйөөсүнүн жумушуна келип, эч нерседен капары жок күйөөсү  эшикке чыккан кезде, “жол тандабас” машине (Лексус- 470) менен качырып келип, (кыязы ага чейин экөөнүн ортосунда таарынышуу болсо керек) сүзөт. Дагы Кудай сактап, катуу келаткан машине бакка тийип, аңтарылып калат, ал чоң бак сынып, машине талкаланат, ал эми Сариев болсо машинеге өтө катуу болбосо да, бир топ урунуп, он метрче ыргып кетет. Көзүн ачса, ооруканада жаткан болот. Башынан жаракат алып, 3 ай дарыланат. Садыровага бул иш боюнча Биринчи май  райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, камакка алуу чечими чыкканы менен, Нарынбек мырза, балдардын апасы деп аяп, тосмо арыз берип, куткарып калат. Анын үстүнө, ал ошол окуядан кийин хиджаб кийип, намаз окуп динге берилген киши болуп, күйөөсүнөн жалынып-жалбарып кечирим сураптыр. Бирок, ал хиджаб кийүү амалы, болгону кылган кылыгынан кутулуу болуп саналса керек, себеби, хиджаб кийип алып деле, жогоруда айтылган окуялардын баарын кылып жатканы эч бир акылга сыйбайт. Чындай келгенде, Анара Садырова бул кылгандары үчүн мыйзам чегинде жоопко тартылууга тийиш. Нарынбек Сариев бүгүнкү күндө өзүн жок жерден күнөөлөп, коомчулукка жалган маалымат тараткан аялын бир нече млн. сом доо менен сотко кайрылганы белгилүү болду. Анын бул аракети, толук колдоого алына турган маселе. Сот дагы бул иште адилеттүү чечим чыгарышы зарыл. Мына окурман, бул окуянын негизги чоо-жайы ушундай. Жыйынтыкты эми өзүңүз чыгарып, өзүңүз баа бериңиз.

Мурат Мусакеев