Домой Аналитика Быйыл мектептерде мамлекеттик экзамендер болбойт

Быйыл мектептерде мамлекеттик экзамендер болбойт

71

Быйыл мектептерде мамлекеттик экзамендер болбойт, жыл жыйынтыктары, чейрек белгилеринин негизинде чыгарылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик билим берүү департаменти билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим коронавирус эпидемиясынын абалына байланыштуу кабыл алынды.

«Өткөн жылы балдар ооруган эмес, быйыл мугалимдер гана эмес, окуучулар дагы ооруп жатышат. Сынактар 2-июнда башталат, ошол убакка чейин абал кандай болоорун билбейбиз. Биз окуучулардын ден-соолугуна кам көрүп, алар тынчсызданбасын, айрыкча бүтүрүүчүлөр Республикалык тестирлөөгө даярданып жатышат », – деп билдиришти башкармалыктан.

Башкармалыктан белгилегендейталаштуу учурларда баалар жогорулап, окуучулардын пайдасына берилет.