Домой Саясат Быйыл коррупцияга байланыштуу 232 адам соттолду. Жалпы 2262 кылмыш иши козголгон

Быйыл коррупцияга байланыштуу 232 адам соттолду. Жалпы 2262 кылмыш иши козголгон

37

Кыргызстандын соттору 2020-жылдын алгачкы тогуз айында коррупцияга байланыштуу 719 кылмыш ишин карады, бул сот органдарында каралган иштердин 8,36% түздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Коррупцияга каршы туруу боюнча координациялык кеңештин жыйынында 10-декабрдагы Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургул Бакирова билдирди.

Анын айтымында, бул иштер боюнча 232 адамга карата айыптоо өкүмдөрү чыкса, 45 адам акталган. Соттолгондор жалпы айыпталгандардын 46% түзсө, акталгандар 9% түзөт.

Актоого айыпталуучулардын аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугу негиз болгон.

Ушул эле жыйында 2020-жылдын 10 айында Кыргызстандын укук коргоо органдарында кызматтык жана коррупциялык иштерге байланыштуу 2262 кылмыш иши боюнча сотко чейин териштирүү иши ачылып, анын 319 сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.