Домой Коом Быйыл карышкырлар жылдагыдан көп атылууда

Быйыл карышкырлар жылдагыдан көп атылууда

724

Быйыл карышкырларды жана чөөлөрдү жок кылууга болгон аракет жылдагыдан күчөтүлдү. Андыктан, биз бул маселеге байланыштуу Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орунбасары Улан Дөкөндаевге суроолор менен кайрылдык.

мергенчи карышкыр менен

— Улан мырза, карышкырлар менен чөөлөргө каршы күрөш бул жылы башка жылдарга салыштырмалуу күчөтүлбөдүбү. Учурда бул жаныбарлардын санын болжолдуу айта аласызбы?

— Облусубузда карышкырларга эле эмес, бардык жапайы жаныбарларга карата жыл сайын департаменттин буйругу менен санак жүргүзүлөт. 2015-жылга карата биздин аймакта 461 баш карышкыр бар деп эсептелген. Бул көз менен көргөндөн сырткары издери аркылуу да саналгандар. Азыркы тапта биздин мекемеде 12 адам иштейт. Албетте, бул өтө аз. Андыктан, биздин алдыбызда өз каалоосу менен кошулган мүчөлөрүбүз да бар. Мына ошол адамдардын курамынан турган топтор учурда бизге жардам берүүдө. Айтсак, азыркы маалда карышкырларды жок кылууда өзүбүздүн кызматкерлерден 5 топ, ал эми мергенчилердин курамынан турган 9 топ иштеп жатат.

— Быйылкы жылы канча карышкыр, чөө атылды?

— Быйыл 26 баш карышкыр, 35 чөө атылды. Былтыркы жылы болсо 51 баш карышкыр, 39 чөө атылган. Быйыл иш күчөтүлгөн тартипте болгон үчүн бир жарым айда эле аталган жырткыч жаныбарлардын бир тобу жок кылынды.

мергенчи карышкыр менен— Бул жаныбарларды аткан менен сыйлык акча берүү жагы эки жылдан бери чечилбей келе жатат дешет?

— Бул маселе учурда чечилди деп  айтсак болот. Өкмөт тарабынан бекитилген чечим боюнча бир баш карышкыр атканга 6 миң сом, бир чөөгө 2 миң сом каралган. Азыр бул боюнча райакимчиликтердин алдында атайын комиссия түзүлгөн. Ал комиссиянын курамында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен катар биздин системага тиешелүү кишилер бар. Карышкырды атып алган адам түзүлгөн комиссияга айыл өкмөтүнүн справкасы менен бирге терини алып барышат. Алар аны каттап, башка жерден дагы акча албашы үчүн териге белги коюшат. Андан кийин алар терини ок- дарысын, бензинин жабуу үчүн сатышат.

— Мергенчилердин арасынан дагы тыюу салынган жаныбарларга кол салгандар болуп жатпайбы. Ага далил катары жакында ак илбирс атып алган адамды айтсак болот.

— Ооба, быйылкы жылы ак илбирсти атуу жөнүндө факт биздин кызматкерлер тарабынан жасалганы өтө өкүнүчтүү. Бирок, аны менен эле биздин бардык кызматкерлер жаратылышты талкалоочулар деп айтуу чындыкка коошпойт. Биздин кызматкерлердин арасында да өз ишин жоопкерчиликтүү аткаргандар көп. 2013-жылы Өкмөттүн токтому менен жаратылышка келтирген зыяндын баасы чыгарылган. Маселен, илбирсти атканда, жаратылышка келтирген зыяндын  баасы 500 миң сом, аркар-кулжа жана аюу үчүн 400 миң сом деп бааланган. Мына ушуга жараша аны атып алгандар мамлекетке акча каражатын төлөшөт. Андан соң тийиштүү органдар аркылуу жазасын алышат.

мергенчи карышкыр менен

— Аң уулоочулар учурда кайсы жаныбарды, канча санда ата алат?

— Өкмөттүн атайын токтому менен бекитилген эрежелерге ылайык, ар бир жаныбарга тыюу салынган өздөрүнүн мезгилдери бар. Уруксат берилген маал 15-августтан башталат. Бул учурда эчки-теке, коён, түлкү, кекилик, уларды белгилүү өлчөмдө гана атууга уруксат берилет. Ал жаныбардын жалпы санынын канча бир пайызына жараша болот. Биздин кызмат — мергенчилерге жолдомо кагаз беребиз, алар ал аркылуу карточка сатып алат. Булардын дагы чектелгени, чек коюлбаганы бар. Чек коюлгандарга эчки-теке, элик, кара кийик, улар, кыргоол кирет. Мергенчиликке кызыккан адамга мындай мүмкүнчүлүк жылына бир жолу, 3 күндүк мөөнөткө  берилет.

Маектешкен Жумагүл БАРКТАБАСОВА