«Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга». Мурдакы дипломат, азыр ишкерликте жүргөн Азат Эркебаев да азыркы илдет күчөп жаткан кезде дагы өз жардамын аяган жок. Бишкектеги жана Баткен, Талас региондорунан келген медиктер тобуна медициналык каражатар: комбинезон, беткап, респиратор, очкилерди таркатты. Андан тышкары Ак-Кеме, Ганси авиабазасындагы обсервацияда жаткан медиктерге да респиратор, беткаптар берилип, күн-сайын тамак-аш жеткизип берүүнү колго алды. Мындан тышкары шаарда түзүлүп жаткан элге медициналык кызмат көрсөтүү боюнча ыктыярчылардын жоон топторуна да коргонуучу каражатарды таркатты. Айтмакчы, Азат Эркебаев кээ бирөөлөрдөй болуп, шайлоо күнү белгиленгенде гана жардам берген жок. Тагыраагы, элге, медициналык кызматкерлерге коронавирус илдети башталган март айынан бери жардамын берип келе жатат.
Коронавирус очогу болгон негизги жер-жерлерде 7 ооруканага, Бишкектеги карылар үйүнө, алыскы шарты катаал Чоң-Алай, Чаткал райондоруна да биринчилерден болуп, демөөрчулүк жардамын жөнөткөн.
Улуттук Госпиталдын 200 кишилик жаңы ачылган стационарына да доктурлардын суранычы менен ФФП2 респираторлорун жана маскаларды тартуулады. Кыскасы, Азат Эркебаев элдин камын ойлоп, илдетти жеңүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. Азаттай уулдарыбыз турганда, жеңилин жерден, оорун колдон алган азаматтарыбыз туш тараптан кол сунуп, бири дарыгер ташып, бири коргонуучу каражаттарды берип, бири убактылуу ооруканаларды ачып жатканда элдин уучу куру эмес экен деген ишеним пайда болот экен. Буюрса, илдетти жеңебиз. Кыргыздын башына келген сыноону көтөрөбүз, улуу элдин урпагы экенибизди даңазалайбыз.