Домой Дүйнөдө БУУнун чечими боюнча эми марихуана кооптуу баңги зат эмес, «терапиялык касиетке ээ»...

БУУнун чечими боюнча эми марихуана кооптуу баңги зат эмес, «терапиялык касиетке ээ» медициналык чөп

187

Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар боюнча комиссиясы медициналык каннабиса (ошондой эле кара куурай чайырын) эң кооптуу баңги заттардын тизмесинен чыгаруу үчүн добуш берди. The New York Times гезити билдиргендей, эми марихуана “терапиялык касиетке ээ” деп жазылат.

БУУнун чечими өлкөлөрдү кара куурайга каршы саясатын өзгөртүүгө милдеттендирбейт, бирок аны тизмеден чыгаруу, эксперттердин айтымында, марихуананы легалдаштырууну жактагандар үчүн чоң символикалык мааниге ээ, ошондой эле каннабиноиддерди колдонуу менен медициналык изилдөөлөрдү жөнөкөйлөтө алат.

Марихуананы кооптуу баңги заттардын тизмесинен чыгарууну 27 өлкө (анын ичинде АКШ жана Европа Биримдигинин мүчөлөрү) колдогон. Россия, Кытай, Пакистан жана Нигерия баш болгон 25 өлкө каршы чыгышкан. Добуш берүүдөн калыс калган өлкө жалгыз гана Украина болду.