БУУ Өнүктүрүү программасы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 2550 планшет берди. Аны парламенттик шайлоодо участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү маалыматтарды ыкчам алмашуу максатында колдонушат.
БШК Планшеттер менен мониторлор Кыргызстандын аймагындагы 2420 шайлоо участкаларына жеткирилерин билдирди. Шайлоонун жол-жобосу атайын программа жана тиркемелер түрүндѳ планшеттерге түшүрүлѳт.
2020-2021-жылдарда Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасы Жапониянын, Германиянын, Швейцариянын каржылык колдоосунда БУУ Өнүктүрүү программасы тарабынан ишке ашырылууда.
Булак: azattyk.org