Домой Коом «Бүтүн Кыргызстан» партиясы тизмесин жарыялай элек

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы тизмесин жарыялай элек

181

19-августта «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да парламенттик шайлоо алдындагы курултайын өткөрүп, программасын кабыл алды. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитти. Бирок партиянын саясий кеңеши азырынча тизменин мазмунун жарыялай элек.

Маалыматтарга ылайык, тизменин башында саясий кеңештеги адамдар: партиянын негиздөөчүсү жана лидери Адахан Мадумаров, «Ак шумкар» партиясынын негиздөөчүсү, экс-премьер-министр Темир Сариев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев, «Кыргызстан коммунисттери» партиясынын төрагасы Исхак Масалиев жана башкалар бар.

19-августта парламенттик шайлоого катышуучу он чакты саясий партиялар курултай өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин түзүштү.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Үгүт иштери 4-сентябрдан тарта башталат.

Саясий партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин бекитип, Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.