Саясатта “бульдозер” деген каймана атка ээ болгон Азимбек Бекназаров баласы Эрнис 2008-жылдан бери чет мамлекетте жашап жатканын, ал жылдары Бакиев өзүнө кысым кылып, баласын чет мамлекетке чыгарууга аргасыз кылганын жар салды.
Андан тышкары азыркы кезде баласынын Түркияда жашарын, ал Стамбулдагы Кыргызстандын генералдык консулдугуна жөнөкөй кызматкер болуп да орношо албай жатканын кошумчалады.
Эске сала кетсек, Азикеӊдин уулу баласы Жалал-Абадда айыл өкмөттө иштеп жаткан жеринен президенттик аппаратка ишке орношкон. Өзү болсо Жээнбековду катуу мактай албай, же катуу сындай албай, айтор ортодо “бирдеме” эле болуп жүргөнү байкалып турат.
Булак: Багыт