Домой Саясат «Бул итти атып салбайсыңарбы». КСДП чуулуу аудио боюнча ИИМге кайрылды

«Бул итти атып салбайсыңарбы». КСДП чуулуу аудио боюнча ИИМге кайрылды

162

КСДП партиясы ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Джангарачеванын сүйлөшүүсү делген видео боюнча ИИМ жана Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошту. Видеодогу сүйлөшүү болжолдуу 7-августта болгону айтылат.

 «Беспредел.kg» баракчасы жарыялаган тасмада аял киши «ал шаарга келип, баарыңарды талкалаганга чейин күтүп отура бересиңерби? Силер бул итти ошол эле жерде атып сала албайсыңарбы» деп сүйлөгөн.

КСДП партиясы бул телефон сүйлөшүүгө экспертиза жүргүзүп, эгер сүйлөп жаткан чынында эле Мира Джангарачева экени аныкталса, ага карата кылмыш ишин ачууну суранышкан.

«Биз бул аудиону, Мира Джангарачеванын расмий, документалдык тасмалардагы үнүн эл аралык экспертизага тактоо үчүн жөнөттүк. Азыр Джангарачева менен Курсан Асановду суракка алууга чакырабыз. Эгер интернетке тараган тасмада сүйлөшкөндөр ушулар болуп чыкса, анда Джангарачевага «адам өлтүрүүгө түртүү» жана зордук-зомбулукка үгүттө» боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылабыз«, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Джангарачеванын сүйлөшүүсү делген видео 8-августта соцтармакка жарыяланган.

Булак: jebe.media