Домой Коом Бүгүнтөн тарта Россиядагы кыргыз жарандарына жол ачылды

Бүгүнтөн тарта Россиядагы кыргыз жарандарына жол ачылды

631

27-августтан баштап Россиядан мекенине кайтууну каалаган бардык кыргыз жарандары өз алдынча авиабилет сатып ала алышат. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Билеттер «Авиатрафик», «Аэрофлот», «Сибирь», «Тез жет» жана «Урал авиалиниялары» авиакомпанияларынын расмий авиакассалары же веб-сайттары аркылуу сатылат. Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана шаарлардагы консулдуктары мурункудай чартердик рейстерге тизме түзүүнү токтотушту.

Бүгүнкү күндө жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек менен Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан каттап жатат.

Булак: saat.kg